close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Биздин сайт менен колдонгонуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Сайт менен колдонуу Сизге ыңгайлуубу? Өз оюңуз менен бөлүшүңүз. Бул бизге абдан маанилүү.

Сурамжылоо өтүү
Архивдүү тариф

жаңы ВКЛЮЧАЙ БОЛЬШЕ апта

 

Чексиз

интернет жогорку ылдамдыкта

60 мүн

башка тармактарга

5 Гб

Instagram, WhatsApp, Telegram

Чектөөсүз

Beeline KG тармак ичинде чалуулар жана SMS

235 / бир жумага

Кэненирээк

Тарифтик пландагы өзгөртүүлөр тууралуу

Закрыть Открыть

Кулактандырабыз, 2020-жылдын 21-чи сентябрьдан тарта «жаңы ВКЛЮЧАЙ БОЛЬШЕ апта» тарифинде абоненттик төлөмдүн акысы жана башка мобильдик операторларга чалуу мүнөттөрүнүн саны өзгөрүлөт:

Эми 235 сомго КР башка мобильдик операторларга чалуу үчүн 60 мүнөт берилет.

Тарифти каалаган убакытта башкаргыла

Закрыть Открыть

Тарифке өтүү жеткиликтүү эмес.

Эми интернет пакет түгөнүп калса, жана кийинки төлөмдү күтүүнү каалабасаңыз, тарифти каалаган убакытта кайрадан кошууга мүмкүнчүлүк бар. Баланстан абоненттик төлөм алынып, тариф боюнча баардык пакеттер жаңыдан берилет.

Тарифти кайрадан кошуу:  *2200#

Сайтта каттоодон бир жолу өтүп, тарифтерди бир басым менен кошсо болот.

Пакеттер түгөнүп калса же абоненттик төлөм алынбаса

Закрыть Открыть

Эгер баланста жумалык абоненттик төлөм алынуу үчүн акча каражат жетиштүү эмес болсо, анда баланстан күнүнө 20 сомго чейин алынып, Сизге тармак ичинде чалуулар менен SMS жана интернет пакети күнүнө берилип турат, эгерде баланста:
1.    20 сомдон көбүрөөк болсо, баланстан 20 сом алынып, күнүмдүк 250 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS; 
2.    20 сомдон азыраак болсо, калдык толугу менен алынып, пропорционалдык көлөмдөгү пакет берилет. 

Пропорционалдык пакеттердин чыгарылышын аныктоонун механикасы:
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ күнүнө 20 сомго берилет - бул 100%.

Мисалы, Абоненттин балансында 12 сом болсо, пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакеттерин кантип эсептесе болот:

1. 20 сом – 100%
12 сом – ?
12 сом * 100% / 20 сом = 60%

2. 500 мүн, 500 SMS, 250 МБ – 100%
? мүн, ? SMS, ? МБ – 60%
500 мүн, 500 SMS, 250 МБ * 60% / 100% = 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ

Ошондо, 12 сом эсептен чыгарылып, Абонентке пропорционалдык көлөмдөгү байланыш пакети берилет: 300 мүн, 300 SMS, 150 МБ.

Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кенсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл. Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

Пакеттер түгөнүп калса же абоненттик төлөм алынбаса:

Beeline KG тармак ичинде чалуулар - 1.14 сом/мүн

КР башка мобилдик операторлоруна чалуулар - 4.50  сом/мүн

КР орнотулган операторлоруна чалуулар - 5.85 сом/мүн

КР ичинде SMS - 1 сом

КРнын орнотулган номерлеринен 07755 жана 07759 префикстүү түз номерлерге болгон кирүүчү чалуулар – 4,5 сом/мүн

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Бардык пакеттердин иштөө мөөнөтү абоненттик төлөм алынган убакыттан баштап - 7 күн.

Бул тарифте пакеттерден тышкары (тариф боюнча же башка кошумча интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Тариф боюнча пакеттерди мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу аркылуу жаңыртса болот - баланстан абоненттик төлөм алынып тариф боюнча бардык топтомдор жаңыртылат.

Эгерде тарифте тармактан тышкары мүнөттөр бүтүп калса, анда башка мобилдик тармакка чалуу учурунда сизге 10 сомго "башка моб.тармактарга 5 мин" топтому берилет.

• Топтомдун мөөнөтү 24 саат. Берилген учурдан тартып 24 сааттан кийин топтомдун колдонулбаган көлөмү күйүп кетет;
• Тарифтин абоненттик төлөмүнүн алынуучу күнү келе электе, топтом берилген учурдан тартып 24 саатка чейин бүткөндө же колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу топтом өчүрүлгөндө, «башка моб.тармакка 5 мин» кайрадан берилиши мүмкүн.

Эгерде мүнөттөр түгөнүп калган учурда (тариф боюнча же башка мүнөттөр топтому боюнча) баланс 10 сомдон аз болсо, анда тармактан тышкаркы чалуу үчүн тарифтик пландын шарттарына ылайык тарификацияланат.

«Башка моб.тармакка 5 мин» топтомунун берилүүсүн өчүрүү үчүн абонент сатуу жана тейлөө кеңсесинде паспорт же өздүгүн тастыктаган башка документ менен арыз жазуусу зарыл. Компания тарабынан арызды кароо мөөнөтү 3 жумушчу күндү түзөт.

«жаңы Включай больше апта» тарифинде Beeline bonus программасы кошулбайт жана «жаңы Включай больше апта» тарифине алмаштырууда топтолгон упайлар күйүп кетет.

Интернет адилеттүү колдонуу саясатынын шарттарына ылайык берилет. Компаниянын бардык абоненттери үчүн ыңгайлуу интернетке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул эӊ көп күч келген сааттарда түйүндүн ресурстарынын адилеттүү бөлүштүрүүнү билдирет. Эгерде эсептешүү мезгилинде абонент аномалдуу чоң көлөмдөгү интернет трафикти колдонуп, башка абоненттерге ыңгайсыздык жаратса, система эсептешүү мезгилинин аягына чейин интернетке кирүүнүн артыкчылыгын төмөндөтөт. Кийинки абоненттик төлөм эсептен чыгарылган күндөн тартып, ошондой эле кошумча интернет топтомдорун сатып алган учурда, абоненттин интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Система абоненттин керектеген интернет-трафигинин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, күндүн убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша, аномалдуу чоң интернет трафиги бар абоненттерди автоматтык түрдө аныктайт. Мындай ыкманын эң башкы артыкчылыгы - түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин арасында адилеттүүлүк менен бөлүштүрүү жана мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык менен камсыздоо.

7 күнгө чексиз чалуулар жана SMS - бул 10080 мүнөт жана 1500 смс.

Башка тарифтерге өткөндө пакеттер күйүп кетет.

Чалуулардын тегеректөө кадамы - 10 сек.

Интернеттин тегеректөө кадамы - 100 КБ.

Баалар бардык салыктар менен эсептелген.

Пакеттерди текшерүү командалары  *505#*604#.


P2P (торрент) жана FTP файл алмаштыруу түйүндөрүнөн жүктөп алуу ылдамдыгы чектелген.
 

https://beeline.kg/ru/aidana