БАРДЫГЫ мүмкүн! Beeline бардык окуу жайларда wi-fi орноштуруп, студенттер үчүн жаңы ыңгайлуу тарифти ишке киргизүүдө

«Можно ВСЁ! 2.0»  аталышындагы жаңы тарифтик планды Beeline  атайын студенттер үчүн иштеп чыкты

«Можно ВСЁ! 2.0»  аталышындагы жаңы тарифтик планды Beeline  атайын студенттер үчүн иштеп чыкты. Жогорку окуу жайларында окугандардын муктаждыктарын эске алуу менен компания жумасына 8 гигабайт интернет-топтому, түнкү чектөөсүз интернети, тармак ичинде акысыз чалуулар жана башка тармактарга 10 акысыз мүнөттөр менен тарифти ишке киргизди.  

wi-fi во всех учебных заведениях

Мындай тарифтик планды ишке киргизүү - технологияларга жана билим берүү ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү боюнча масштабдуу долбоордун бир бөлүгү. Долбоордун алкагында студенттер үчүн жеңилдетилген тарифтен башка Beeline Кыргызстан университеттерин акысыз зымсыз интернет менен камсыз кылат.   

Азыркы учурда компания ылдам wi-fi-га 17 университетти жана 3 колледжди, анын ичинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Бишкек гуманитардык университетинин, Раззаков атындагы КМТУ, Кыргызстан эл аралык университетинин, Кыргыз экономикалык университетинин бардык корпустарын туташтырды.     

«Билим берүү - компаниябыздын негизги багыттарынын бири. Биз өзүбүздүн алдыбызга максат койгонбуз - Кыргызстандын окуу жайларын студенттердин билим берүү ресурстарына тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүнчүлүгү болуш үчүн техникалык жактан жабдуу. Азыр жаштарга университеттерде берилген окуу куралдары жетишсиз, алар онлайн китептерди окушат, өзүнүн долбоорлорун иштеп чыгып жүрүшөт, онлайн  университеттеринде окушат, интернет - дүйнө жүзү менен коммуникацияны өркүндөтүү үчүн  жана каражаты катары зарыл болгон ресурс. Жакынкы арада биз Кыргызстандын түштүгүндө - Оштун жана Жалал-Абаддын окуу жайларында  wi-fi роутерлерди орнотуунун үстүндө иштей баштайбыз», - деди Ирина Хегай, Beeline  МТда бизнес-тиркемелер архитектураларын өнүктүрүү кызматынын жетекчиси.  

Бишкек гуманитардык университетинин өкүлү телекоммуникациялык компания менен өнөктөштүк ЖОЖдор үчүн стратегиялык жактан маанилүү, анткени  ал окугандар үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.   

«Beeline компаниясы менен жарым жылдан бери кызматташып келебиз, биринчи кезекте биздин өнөктөштүк техникалык жабдууга – университеттин бардык корпустарында wi-fi роутерлерди орнотууга негизделет. Биз мониторинг жүргүздүк, ылдамдыкты карадык жана Beeline бүгүнкү күндө мобилдик операторлор рейтингинде алдыңкы орунду ээлерин эске алып, биз туруктуу негизде кызматташууну  чечтик. Биринчи кезекте студенттер үчүн шарттарды түзүү керек – алар зарыл маалыматты алуу үчүн мүмкүн болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушу керек. Сиз билгендей, азыркы маалымат технологиялар доорунда бардык маалыматты биз интернеттен алабыз», - деп БГУ өкүлү Ялкун Даутов белгилеп кетти.   

«Биздин эң башкы милдет - студенттер үчүн сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана зарыл болгон шарттарды түзүү. Биздин миссиянын жана милдеттерибиздин  контекстинде биз мындан аркы компания менен өнөктөштүктү көрүп жатабыз, анткени биздин студенттер төмөнкү кызматтарды: wi-fi, мобилдик тиркемелерди колдонууларын каалайбыз. Мүмкүн мындан ары аларда электрондук китепканаларга жана билим берүү ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгү болушу үчүн. Биздин өнөктөштүк негизделген контент кеңейиши керек», - деп ал кошумчалады. 
 

https://beeline.kg/ru/aidana