Эксклюзивдүү номерлердин аукциону

2019-жылдын 23-августунда, vipnomer.beeline.kg сайтында VIP, Платина жана Алтын+ категорияларындагы эксклюзивдүү номерлер үчүн торуктар башталат.

Лоттордун баштапкы баалары 1 сомдон 100 миң сомго чейинки диапазондо белгиленет. Ал эми аларга ээ болуу үчүн vipnomer.beeline.kg сайтындагы онлайн-аукционго катышуу зарыл.
Торуктарга катышуу үчүн Аукциондун эрежелери менен таанышыңыз жана vipnomer.beeline.kg сайтында каттоодон өтүңүз.

Торуктардын талаптары:
18 жаштан жогору болуу;
vipnomer.beeline.kg сайтында каттоодон өтүү.
Онлайн-торуктар, баштапкы бааны 100 сомдук кадам менен жогорулатуу түрүндөгү аукцион катары өтөт.
Ар бир Лот боюнча торуктардын жеңүүчүсү болуп Лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган Катышуучу эсептелет. Эң жогорку баа Уюштуруучу тарабынан кабыл алынуусу жана белгиленүүсү керек. Ошондой эле, торуктарда экиден кем эмес Катышуучунун катышуусу зарыл.

https://beeline.kg/ru/aidana