«Ыракмат!»: Beeline компаниясынын 20 жылдыгы кандай өтүүдө

Beeline Кыргызстан бул жылы 20 жылдык мааракесин белгилөөдө

Beeline Кыргызстан бул жылы 20 жылдык мааракесин белгилөөдө. Салтанатка арналган иш-чаралар жана акциялар масштабдуу «Ыракмат!» кампаниясынын алкагында өтүүдө - Beeline калк үчүн шарттарды жеңилдетүүдө, ыңгайлуу кызматтарды иштеп чыгууда, жаңы санариптик чечимдерди сунуштап, компаниянын кызматтарын көп жылдан бери колдонуп келе жаткан жана анын командасы менен бирге өсүп жаткан абоненттерине терең ыраазычылык билдирет.   

25-сентябрдан 30-сентябрга чейин компания өзүнүн мааракесин Кыргызстандын түштүгүндө: Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде жана Кызыл-Кыяда белгиледи.

Майрамдык салтанатка Бегиш, Баястан, Нурлан Насип, Асель Кадырбекова жана башка Кыргызстандын белгилүү эстрада жана хип-хоп аткаруучулары чакырылды. Компаниянын туулган күңүнө 13 миңден ашуун адамдар кошулду.    

Иш-чараларда компаниянын жаңы өнүмдөрү жана кызматтары сунушталды - кызматкерлер кардарларга Leti.kg долбоорлорун, бардык кызматтарды төлөөгө мүмкүн болгон Balance тиркемесин, Beeshop маркетплейсин жана таанышуу үчүн ChakChak тиркемесин тааныштырып өттү.

«Ыракмат» кампаниясынын алкагында Beeline Кыргызстан  жеңилдетилген шарттары, чексиз интернети жана тармак ичинде байланышы менен «Просто» жаңы тарифтик катарын ишке киргизди. 
Тармактын кардарлары эми чектөөсүз түнкү интернетин колдонуп, дүйнөнүн 131 өлкөсүндө роумингди пайдалана алышат.  
Иш-чара учурунда катышуучулар үчүн конкурстар өткөзүлүп,  Beeline менен концерттердин расмий өнөктөшү катары чыккан Huawei корпорациясынан  байгелер ойнотулду.

«Кыргызстандын рыногунда жыйырма жылдык ишмердүүлүктүн ичинде биз чоң тажрыйбага ээ болдук. Мунун баардыгы биздин кардарлардын жардамы менен болду. Биз шарттарды жеңилдетип, муктаждыктарды эске алуу менен жаңы ыңгайлуу тарифтерди ишке киргиздик, анткени биздин максат жана миссия - бул санариптик технологиялар аркылуу кыргызстандыктардын жашоо сапатын жакшыртуу. Beeline кызматтары жана өнүмдөрү чындыгында пайдалуу, актуалдуу жана калк үчүн ыңгайлуу болуш үчүн биз мындан ары да коомубуздун бардык чөйрөсүнө инновацияларды киргизип турабыз», - деди компаниянын башкы директору Ернар Накисбеков.

https://beeline.kg/ru/aidana