«Бөлүп төлөө шарты менен смартфон»: Beeline акция шарттарын жаңыртат

Эми Кыргызстандын бардык жашоочулары Huawei жана Xiaomi смартфондорун 3 же 6 айга бөлүп төлөө шарты менен жол-жоболоштура алышат

Эми Кыргызстандын бардык жашоочулары Huawei жана Xiaomi смартфондорун 3 же 6 айга бөлүп төлөө шарты менен жол-жоболоштура алышат. Компания кардарлардын калоо-тилектерин эске алуу менен мобилдик телефондорду бөлүп төлөө шарты менен сатып алуу боюнча акциянын шарттарын жаңыртып, узартты.  

Beeline сатууларды өркүндөтүү боюнча менеджер Асель Максатбек кызынын айтуусу боюнча 6 айга бөлүп төлөө боюнча акцияны ишке киргизгенден кийин компания абоненттердин арасында сурамжылоо жүргүздү. 

«Кардарларыбыздын пикиринин аркылуу  биз кээ бирлери бөлүп төлөө шарты менен тезирээк төлөп бүтүүнү каалашарын аныктадык, ошентип компания жаңы акцияны ишке киргизди, анын шарттары боюнча үч айга бөлүп төлөөнү жол-жоболоштурса болот. Ошондой эле 8-октябрдан баштап биз бөлөп төлөө боюнча акцияны 6 айга узарттык».

Смартфонду бөлөп төлөө шарты менен каалаган Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде алса болот. Жол-жоболоштуруу үчүн паспорт (id-карта) жана кызмат орду, чегеримдерди жана кармап калууларды көрсөтүү менен акыркы 6 ай үчүн  айлык акы жөнүндө маалымкат зарыл. Жеке ишкерлер үчүн жанында паспорт (id-карта)  жана тастыктоочу дүмүрчөк менен акыркы 3 ай үчүн узартылган күчүндөгү патент керек.   

Beeline кеңселеринде мобилдик телефонду бөлүп төлөө шарты  менен сатып алуунун артыкчылыгы – бул биринчи кезекте ылдамдык. Жол-жоболоштуруу 30 мүнөттө жана түздөн-түз Beeline  кеңсесинде банкка барбай эле жүргүзүлөт. Ошондой эле акция шарттары баштапкы төгүмдөрүн төлөөнү, пайыздарды чегерүүнү жана кошумча ашык төлөмдөрдү караштырбайт - кардар тандалган смартфон бааланган сумманы төлөйт.   

«Эгер бизге 6 айга бөлүп төлөө шартын жол-жоболоштурууну каалаган 10 миң сом айлык акысы менен кардар келсе, анда болжол менен ал 20 миң сомдук смартфонду күтсө болот.  Ошондой эле белгилеп кетчү нерсе, бөлүп төлөө шарты менен мобилдик телефон сатып алууда биз 220 жаңы коду менен кооз номурду, ошондой эле жылдын аягына чейин WhatsApp мессенджерин колдонууга акысыз трафигин тартуулайбыз», — деп кошумчалады Асель Максатбек кызы.

https://beeline.kg/ru/aidana