Beeline Кыргызстан кеңсесинде медиа-менеджмент боюнча семинар өттү

Эл аралык Ишкердик Кеңеш алдындагы Экономикалык журналистика клубунун семинары 14-сентябрда Beeline Кыргызстан Бишкектеги кеңсесинде өттү

Эл аралык Ишкердик Кеңеш алдындагы Экономикалык журналистика клубунун семинары 14-сентябрда Beeline Кыргызстан Бишкектеги кеңсесинде өттү.  Клубдун катышуучулары, Кыргызстандын журналисттери жана коммуникация жаатында адистер  «Бизнес-журналистика жана аны акчалаштыруу» темасындагы воркшопко катышышты. 

Beeline мейкиндиги медиа-индустриядагы акыркы тренддерди жана ык-амалдарды талкуулоо үчүн кызмат кылды.   Аянтчада спикер катары КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков,  медиа-эксперт Султан Каназаров жана Россия-Кыргызстан Өнүгүү Фондунун өкүлү Жылдыз Караталова чыгып сүйлөштү.  Талкуунун бир блогунда ММК боюнча  Beeline  менеджери Софья Балакина катышып, катышуучуларга бизнестин көз карашында медиа-менеджменттин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. 

«Дүйнөдө медиа рыногу тез өнүгүүдө, бирок, менин оюмча, Кыргызстанда ал чыгармачыл кризиске дуушар болууда.   ММК өкүлдөрү тилекке каршы азыркы окурманга кызыктуу болгон альтернативдүү форматтары сунуштаган жок.  Ошо менен бирге коммерциялык уюмдар көбүнесе медианы эксперттик пикирдин жана пайдалуу маалыматтын булагы катары эмес,  жалгыз гана жарнама жеткирүүчү катары карап келишет.   Натыйжасында медиа-талаа талабы жок коммерциялык контентке толуп кеткен, ал коом үчүн практикалык мааниге ээ болбостон эле, негизинен маалыматтык ызы-чуу катары биздин астыбызга чыгат», — деп Софья Балакина белгилеп кетти.   

Катышуучулар өнөктөштүк медиалык өнүмдөрүн түзүүнүн деталдарын жана бизнес менен ММК арасында коммуникацияны түзүү өзгөчөлүгүн талкуулап кетишти.   Талкуу  Beeline Кыргызстан кеңсеси боюнча экскурсия менен аяктап, анын алкагында журналисттер үчүн  компаниянын топ-менеджменти менен таанышууга, каалаган суроолоруна жооп алууга, ошондой эле ар кайсы департаменттердин, анын ичинде байланыш борборунун, сатуу жана тейлөө кеңселеринин иштешин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.  

Семинарды өткөрүү күнү компаниянын 20 жылдыгы менен дал келип калганга байланыштуу ар бир катышуучу эстеликке брендделген өнүмдөрдүн топтомдорун алышты. 

«Экономикалык журналистика клубу» — Эл аралык Ишкердик Кеңеш, Capital медиа-компаниясы менен биргеликте Кыргызстандагы  Internews катышуусу жана АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырган долбоор. Клубдун иш алкагында бизнес коомунун жана эл аралык жана улуттук деңгээлдеги медиа-чөйрөсүнүн  өкүлдөрү  катышуучулар үчүн экономика, финансы жана бизнес боюнча тренингдер сериясын өткөрүп келет.  

https://beeline.kg/ru/aidana