Telecom-дон Digital чейин: Кантип Beeline санариптик компанияга өтүүсүн ишке ашырууда

Beeline Кыргызстан каржы боюнча директору Акмаль Малаев эл аралык FINTECH 360 конференциясында Beeline Кыргызстандын диджитал-компанияга  трансформациясы жөнүндө айтып берди

Beeline Кыргызстан каржы боюнча директору Акмаль Малаев эл аралык FINTECH 360 конференциясында Beeline Кыргызстандын диджитал-компанияга  трансформациясы жөнүндө айтып берди.

FINTECH 360 – бул каржы кызматтары жана каржы технологиялары чөйрөсүндө пикирдеш-новаторлордун форуму. Конференция Австрияда өтүп, жыл сайын каржы секторунун, коммерциялык банктардын, акча которуулары боюнча компаниялардын, кредиторлордун, ошондой эле блокчейн компанияларынын уюштуруучуларын, башкы директорлорун, техникалык директорлорун жана өкүлдөрүн чогултуп турат.

Өзүнүн баяндамасында Акмаль Малаев Кыргызстанда санариптик кызматтардын өнүгүүсүнүн жана интернеттик киргизүүнүн негизги көзөмөл таяктарын белгилеп кетти. Ал Кыргызстандын инновацияларга даярдыгын жогору баалады. Анын айтуусу боюнча буга өлкөдөгү сөз эркиндиги, чакан жана орто бизнестин өнүгүшү, ошондой эле өлкөнүн ачык экономикасы өбөлгө түзө алды.  
«Глобалдуу санариптешүү  жашообуздун бардык чөйрөсүнө таасир этет, телекоммуникациялык компанияларга да, анткени бул жаңы тенденциялардын таасирине  эң көп кабылган тармактардын бири. Биз рынок сунуштаган салттуу кызматтарга талаптын төмөндөшү тенденциясын байкап келебиз. Ошондуктан компаниянын трансформациясы жана анын  data-борбордуу бизнес-модели менен IT-индустрияга өтүшү – бул анын талаптарына табигый жооп», - деп айтты Малаев.
Beeline директору ошондой эле компаниянын бул этапта иши колдонуучу адаттарын өзгөрткөн жана акыркы керектөөчүнүн жашоосун жеңилдеткен тиркемелерди жана кызматтарды баштоого жана ишке киргизүүгө топтоолорун баса белгилеп кетти.
«Өлкө калкын азыр “банктык” деп атоого болбойт. Азыркы учурда накталай эмес эсептешүү камтылбаган жана колдонбогон көптөгөн калктуу конуштар, соода түйүндөр, адамдар бар. Биз накталай эмес жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулаткан бир катар тиркемелерди ишке киргиздик. Мисалы, Balance.kg мобилдик тиркемеси, анын жардамы менен коммуналдык жана башка кызматтарды телефондогу баланстын жардамы менен төлөсө болот, Кыргызстанда эң көп жүктөлгөн тиркемелердин бири болуп саналат, Google Play жана AppStore-до локалдуу финансы тиркемелердин арасында биринчи орундарды ээлеп келет», - деп кошумчалады.
Малаевдин айтуусу боюнча трансформацияны көздөй багыт узак мөөнөттүү пландоого жана болжолдоого багытталган операциялык моделдерин алмашуусуна өбөлгө түзөт. Келечекте компания  sharing economy негизи боюнча инфратүзүмдү түзүүнү жана өлкөдө санариптик эко-чөйрөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүүнү пландап жатат.

https://beeline.kg/ru/aidana