Beeline балдардын фотосүрөт конкурсунун жыйынтыгын чыгарды

Августтун башында Beeline Bilesinbi.kg билим берүү порталы жана Kaktus.media менен биргеликте өлкө боюнча өспүрүмдөр үчүн фото окуялардын конкурсун жарыялаган эле

Августтун башында Beeline Bilesinbi.kg билим берүү порталы жана Kaktus.media менен биргеликте өлкө боюнча өспүрүмдөр үчүн фото окуялардын конкурсун жарыялаган эле. Конкурстун башкы максаты үй-бүлөлөр үчүн жоопкерчиликти алган жана жапжаш курагынан эле жашоо үчүн акча тапканга мажбур болгон жаш кыргызстандыктардын жашоосун чагылдыруу болгон.

Өспүрүмдөр жайды кандай өткөргөндүгү тууралуу кыскача окуяларды жарыялашкан, ал эми билим берүү платформасы жаш багбандардын, наабайчылардын, жер казуучулардын, курулушчулардын, сатуучулардын, визажисттердин, бал челекчилердин, тазалыгычтардын жана кара жумушчулардын жашоосун көрсөтүү үчүн аянтча болуп калды.   

Бардыгы конкурска 10дон 18 жашка чейин ондогон катышуучулар катышты. Жеңүүчүлөр Kaktus.media  сайтында онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталды – окурмандар үч башкы жеңүүчүнүн тандап алышты, калган жети байге ээлерин Beeline Кыргызстан командасы тандап алды. 
 

Окурмандар эң көп өзүнүн күнүмдүк жашоосу менен гана чектелбестен, өзүнүн кыялдары, жашоого пландары менен бөлүшкөндөрдү жактырышты. 

Конкурстун жеңүүчүсү болуп жайы бою чөп чабышта иштеп, бал челекчилик менен алектенген 17 жаштагы Аскар Дуйшеналиев аталды. Instagram

Экинчи орунду атасы ооруп калгандыктан, бардык үй чарбасын өзүнүн мойнуна алган жана жер иштетүү менен алектенген 15 жаштагы Калыбек Сагынов ээледи. Instagram

Үчүнчү орунду тигүү цехинде таңгакчы болуп эмгектенген 18 жаштагы Орозобек Курманбек уулу ээледи.  Instagram

Жеңүүчүлөр Xiaomi компаниясынан смартфондордун ээлери болушту.  

Уюштуруучулар ошондой эле Beeline компаниясынан кызыктыруучу байгелер бериле турган жети катышуучуну да аныкташты, алар: Тилек Эгембердиев, Айназик Бектурганова, Ханзада Сейитмуратова, Нурланбек уулу Даниэл, Нагима Султанова, Темирлан Абдылдаев жана  Кабыл Камил уулу.


 

https://beeline.kg/ru/aidana