Beeline'дын Бишкектеги эң ылдам 4G интернетин тандаңыздар!

2023-жылдын 3-чейрегинде, Чүй областында медиандык жүктөө ылдамдыгы жөнүндө Speedtest Intelligence®'тин маалыматтарынын Ookla® тарабынан аткарылган талдоосунун негизинде, Beeline уюлдук оператору 4G интернетинин ылдамдыгы боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй областынын лидери болуп чыкты.
Көрсөткүчтөрдү өлчөө Speedtest® тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. Бул кызмат Ookla’га таандык, жана ал белгилүү бир убакыт аралыгында мобилдик оператордун тармагынын маалымат жөнөтүү ылдамдыгын текшерүүгө мүмкүндүк берет. Мындай учурда, изилдөөчүлөрдүн ролун абоненттер өздөрү аткарышат, ал эми Ookla алардан алынган маалыматтарды талдап чыгат.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргызстан боюнча Beeline’дын жүктөө ылдамдыгы 2023-жылдын 3-чейрегинде, 2-чейрегине салыштырмалуу, 31%га өскөн экен (медиандык жүктөө ылдамдыгы жөнүндө Speedtest Intelligence®'тин маалыматтарынын Ookla® тарабынан аткарылган талдоосунун негизинде).
Ookla® компаниясы интернеттин ылдамдыгын текшерүү жана талдоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Анын негизги максаты – интернетти сапаттуураак, тезирээк жана жеткиликтүүрөөк кылуу. Компания дүйнөгө белгилүү болгон Speedtest® жана Downdetector® платформаларын, ошондой эле бир нече комплекстүү корпоративдик чечимдерди иштеп чыккан. Ookla'нын куралдары, тармактарды кардарлардын тажрыйбасынын негизинде талдоо жана оптималдаштыруу үчүн зарыл болгон маанилүү маалыматтар менен операторлорду жана башка ишканаларды камсыз кылат.
Дисклеймер: 2023-жылдын 3-чейрегинде, Кыргызстанда медиандык жүктөө ылдамдыгы жөнүндө Speedtest Intelligence®'тин маалыматтарынын Ookla® тарабынан аткарылган талдоосунун негизинде. Ookla соода белгилери лицензия боюнча колдонулат жана кайра басып чыгаруу үчүн уруксатты талап кылат.