Кээ бир тарифтик пландардагы мурунку шарттар кайрадан кайтарылгандыгы жөнүндө маалымат

2020-жылдын 9-октябрь күнүнөн тартып төмөндөгү тарифтерге мурдагы шарттар кайтарылып келгендиги тууралуу билдиребиз, эми «Включай интернет апта», «Включай интернет», «Включай интернет +», «Включай интернет регион +», «Включай интернет регион апта», «Включай интернет регион», «Включай больше апта», «Включай больше» тарифтеринин шарттары боюнча Instagram, WhatsApp жана Telegram’га берилген чексиз трафиктин ордуна мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктагы 50 ГБ интернет пакет кайрадан бериле баштайт. Ал эми «жаңы Включай интернет», «жаңы Включай интернет», «жаңы Включай интернет регион» тарифтеринде Instagram, WhatsApp жана Telegram’га берилген чексиз трафиктин ордуна мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктагы 5 ГБ интернет пакет кайрадан берилет.
Бул тариф менен колдонуп жаткан Абоненттер үчүн башка шарттар өзгөрүлбөстөн калат.

https://beeline.kg/ru/aidana