Күнүмдүк пакеттерди өчүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайбыз

Урматтуу абоненттер!
27.07.2021 ж. тарта кээ бир тарифтердин шарттары боюнча берилген күнүмдүк пакеттерди өчүрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдайбыз

Бул шарттар тариф боюнча абоненттик төлөмүнө акча каражат жетишсиз болгондо, күнүмдүк пакеттер берилген бардык тарифтерде колдонулат.

Күнүмдүк пакетин берүү шарттары:
Эгер баланста жумалык/4 жумалык абоненттик төлөм алынуу үчүн акча каражат жетиштүү эмес болсо, анда баланстан күнүнө 20/15/10 сомго чейин алынып, тармак ичинде чалуулар менен SMS жана интернет пакети күнүнө берилип турат, эгерде баланста:
1. 20/15/10 сомдон көбүрөөк болсо, баланстан 20/15/10 сом алынып, күнүмдүк 250/200/100 МБ, тармак ичинде 500 мүнөт жана 500 SMS;
2. 20/15/10 сомдон азыраак болсо, калдык толугу менен алынып, пропорционалдык көлөмдөгү пакет берилет.

Күнүмдүк пакеттин берилгенин өчүрүү үчүн, абонент номуруна катталган өзүнүн паспорту же тастыктаган башка документ менен жакынкы сатуу жана тейлөө кеңсесине келип Арызды жазыш керек.
Арыз кароонун мөөнөтү: 3 жумуш күн.
Өчүрүлгөндүгү жөнүндө абонент SMS-билдирүү аркылуу кабарланат.

Күнүмдүк пакеттерди кайрадан алуу шарттары жогоруда өчүрүү үчүн көрсөтүлгөн шарттарга окшош.

Маанилүү маалымат! Тарифтердин калган шарттар өзгөрүлбөстөн калат.

https://beeline.kg/ru/aidana