Beeline номерин калыбына келтирүү

SIM-картаңыз жоголгон же бузулган учурда эмне кылуу керек?

Жеке жактар

Номерди калыбына келтирүү ыкмалары:
1. Beeline'дын сатуу жана тейлөө кеңселерине өздүгүңүздү тастыктаган документ менен кайрылыңыз;
2. Байланыш борборуна чалыңыз: *610, +996 775 58 06 11 (Beeline номеринен чалуу акысыз);
3. Номерди Mой Beeline тиркемеси аркылуу онлайн калыбына келтирүү.

SIM-картаңыз калыбына келтирилген соң, Сизге мурда колдонгон Beeline номериңиз жана мурда активдештирилген бардык кызматтарыңыз жеткиликтүү болот. 
Эски SIM-картаңызда сакталган контакттарыңыз жаңы SIM-катрага өтпөйт.
Түзмөгүңүздүн эстутумунда сакталгандар гана калат.

Номерди калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон документтер:
•  Эгер Сиз SIM-картаны калыбына келтирүү үчүн сатуу кеңселерине кайрылсаңыз, анда өздүгүңүздү тастыктаган документ жетиштүү болот;
•  Эгер номерди калыбына келтирүү үчүн байланыш борборуна чалсаңыз, анда операторго идентификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө тийишсиз.
•  Номерди онлайн калыбына келтирүү үчүн паспорттун эки тарабын сканерлеп, паспорт менен түшкөн селфини жөнөтүү жетиштүү.

Юридикалык жактар

Номерди калыбына келтирүү үчүн керектүү документтер:
• Калыбына келтирилүүчү номер көрсөтүлгөн юридикалык жактын каты, мөөр жана уюмдун жетекчисинин колу менен;
• Юридикалык жактын өкүлүнө жазылган ишеним кат;
• Юридикалык жактын өкүлүнүн паспорту.
                                                               
Эгерде Сиз кураторуңузду билбесеңиз, анда *628 же +996 775 98 06 28 номерлери боюнча атайын бөлүнгөн линияга чалыңыз, Beeline номеринен, ошондой эле Бишкек шаарындагы орнотулган номерлерден чалуу акысыз.


КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!!!
Номерди байланыш борбору аркылуу калыбына келтирүү үчүн Сизде бош SIM-карта болушу керек (аны соода түйүндөрүнөн, Компаниянын Агентинин салондорунан, промоутерлерден жана сатуу жана тейлөө кеңселеринен алуу мүмкүн).

Кеңселердин даректери: https://beeline.kg/ru/map

Эски үлгүдөгү SIM-картаны алмаштыруу үчүн бош SIM-картаны алып, эски номерден байланыш борборунун *610, +996 775 98 06 10 номерлерине чалуу же эң жакынкы сатуу жана тейлөө кеңсесине кайрылуу зарыл.

Номерди калыбына келтирүү акысы.
SIM-карта акысыз түрдө калыбына келтирилет.
SIM-картаны e-SIM'ге алмаштыруунун баасы 100 сомду түзөт.
SIM-картаны e-SIM'ге алмаштыруу үчүн телефонуңуз e-SIM технологиясын колдоого тийиш (мындай маалымат өндүрүүчүнүн расмий сайтында же телефондун нускамасында жеткиликтүү).

https://beeline.kg/ru/aidana