Компаниянын кызматкери инфекция жуктурган учурда, жумуш берүүчү кандай иш-аракеттерге умтулуусу зарыл? Beeline’дын экспертизасы

Өлкөдөгү курчуп турган эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Beeline компаниясы, инфекция жуктурган кызматкерлер аныкталган учурда, жумуш берүүчүнүн иш-чаралар планы катары өз экспертизасын карап чыгууну сунуштайт.

Бардык сунуштар шарттуу түрдө үч топко бөлүнгөн: жетекчиликтин иш-аракеттери, жалпы коопсуздук чаралары жана кызматкерлерге кам көрүү.

ЖЕТЕКЧИЛИКТИН ИШ-АРАКЕТТЕРИ

Антикризистик план. Компаниянын, айрым кызматкерлер COVID-19ту жуктурган учурда колдонулуучу, компаниянын иш-аракеттерин камтыган, алдын ала даярдалган антикризистик планынын болуусу зарыл. Компаниянын эки негизги милдети бар экендигин эстен чыгарбоо керек:

а) кызматтарынын сапатынын жоголушуна же алардын иштебей калышына жол бербөө;

б) компания кызматкерлеринин ден соолугуна болгон зыянды жана өмүрүнө болгон коркунучту азайтуу, жана ошондой эле, эмгеки коргоону күчөтүү.

Инфекция жуктургандар жөнүндө биринчи маалымат. Компанияда инфекция жуктурган адамдар пайда болгондугу жөнүндө, ички байланыш каналдары аркылуу (электрондук почта, SMS билдирүү, топтук жумуш чаттарындагы билдирүүлөр), купуялуулук эрежелерин сактоо менен, бардык кызматкерлерге токтоосуз билдирүү зарыл.

Биринчи билдирүүдө сөзсүз түрдө кызматкерлер үчүн кыскача нускамалар жана андан аркы иш-аракеттердин планы камтылышы керек. Бул жалпы тынчтыкты жана иш-аракеттердин макулдашылгандыгын сактоого жардам берет.

Жетекчиликтин кайрылуусу. Жетекчиликке, компанияда колдонулган форматта (ZOOM же Skype), кызматкерлер менен тез арада алыстан жолугушуу өткөрүүсү сунушталат. Жолугушууда алар учурдагы абалды жарыялап, иш-аракеттердин планын талкуулап, суроолорго жооп беришет.

Пресс-релиз. Эгерде компания ири, социалдык жактан жоопкерчиликтүү болсо, жана анын кызматкерлери кардарлар менен тыгыз байланышта иш алып барса, инфекция жугтурган кызматкерлер пайда болгондугу жөнүндө пресс-релиз түрүндө ММКна билдирүү сунушталат. Мындай ачык билдирүү, компаниянын бардык тараптар менен болгон мындан аркы карым-катнаштарды кыйла жеңилдетет. Компаниянын ачык-айкын мамилеси, кызматкерлерге, стигматизациялоодон коркпостон, оорусу жөнүндө ачык сүйлөшүүгө жардам берет.

ЖАЛПЫ КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ

Аныктоо жана тестирлөө. Компания өзүнүн кызматкерлери үчүн жоопкерчилик тартат. Демек, аныкталган инфекцияланган кызматкер менен контактта болгондорду мүмкүн болушунча эртерээк COVID-19 тестирлөөсүнөн өткөрүп, аларды обсервацияга жаткыруу зарыл. Кызматкерлерди жапырт тестирлөө, көйгөйдүн масштабын түшүнүүгө, тобокелдикти туура баалоого, кырдаалды болжолдоого жана андан аркы иш-аракеттерди пландаштырууга негиз түзөт.

Кеңселерди дезинфекциялоо жана алыстан иштөө. Компания тез арада инфекцияга шектелип жаткан кеңселеринде атайын санитардык дезинфекциялоону жүргүүсү зарыл.

Кызматкерлердин максималдуу пайызын алыстан иштөө режимине өткөрүп, кардарлар менен түздөн-түз иш алып баргандарды, же милдеттерин алыстан аткара албагандарды гана калтыруу зарыл.

Кардарлар менен иштөө учурунда гигиеналык чараларды күчөтүү. Алыстан иштей албаган бардык кызматкерлер үчүн гигиеналык чаралар боюнча кошумча брифингдерди өткөрүү керек. Бардык кеңселерди текшерип, жетишсиз болгон учурда, жеке коргонуу каражаттары жана дезинфекциялык каражаттар менен камсыз кылуу зарыл. Кардарлар жана кызматкерлер, өз ара тыгыз барлашуу учурунда өздөрүн коопсуздукта болгонун сезүүсү керек.

КЫЗМАТКЕРЛЕРГЕ КАМ КӨРҮҮ

Купуялуулук. Компаниянын инфекцияга чалдыккан кызматкерлеринин толук анонимдүүлүгүн сактоо зарыл, анткени мындай маалымат жеке жана колтийбес болуп саналат. Диагнозун жана өздүгүн ачыкка чыгаруу чечимин ар бир адам өз алдынча кабыл алат.

Оорулуулар үчүн нускама. Практика көрсөткөндөй, COVID-19 оорусуна чалдыккандардын көбүнчөсү эмнеден баштоону жана эмне кылууну билишпейт. Ошондуктан, Beeline, бардык кызматкерлерди ыкчам түрдө инфекция жуктурган учурдагы так иш-аракеттер алгоритми менен камсыз кылууну сунуштайт. Бул нускамалар ички байланыш каналдары аркылуу таркатылышы керек.

Мындай алгоритм, инфекцияга чалдыккан кызматкерлер үчүн гана эмес, ден-соолугу чың кызматкерлер үчүн да керек экенин эсте тутуу зарыл. Ооруп айыккан кызматкерлердин пайда болушу менен, өз ара мамиле түзүү процесси сөзсүз түрдө өзгөрөт.

Жардам берүү даярдыгы. Жардам берүүгө, колдоо чараларын көрүүгө компаниянын даяр экендигин вирусту жуктурган кызматкерлерге жеткирүү өтө маанилүү иш. Бул биринчи кезекте расмий чараларга тиешелүү. Компания, бейтап баракчасын узактан кантип алуу керек экенин жеткиликтүү түрдө түшүндүрүп, максималдуу көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Андан тышкары, расмий болуп саналбаган чаралар да маанилүү. Мисалы, обсервацияга жаткырылган кызматкерлердин балдарынын үйдө кароосуз калуусу, же тамак-аш сатып алууга мүмкүнчүлүктүн жок болушу. Ооруп жаткан жана иштерин улантып жаткан кызматкерлер үчүн жардам баштыктарын (негизги керектөөчү буюмдар, коргоочу каражаттар, витаминдер, тачерлер ж.б.)даярдоо мүмкүн. Кесиптештерине көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кызматкерлерди да жардамга чакыруу мүмкүн.

https://beeline.kg/ru/aidana