Бишкекте Open Digithon'дун жыйынтыгы чыкты. Жеңүүчү болуп Enactus KRSU командасынын Save Eat долбоору табылды

19-июнда, Beeline, Open Digithon 2020 аттуу студенттер жана стартаперлер сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады. Биринчи орунду Save Eat долбоору менен Enactus KRSU командасы ээледи. Save Eat долбоору, коомдук тамактануу жайлары тарабынан сапаттуу тамак-аштын ысырапталышына (food waste) тиешелүү экологиялык көйгөйдү чечүүгө багытталган.

Жеңүүчү топ сунуштаган чечим – ортомчу сайт аркылуу кафелердин жана тойканалардын ээлерин кардарлар менен байланыштыруу. Мындай платформанын негизинде, тамактануу жайлары жаңы даярдалып, бирок сатылбай калган тамак-аштарды, өздөрү белгилеген арзандатуу менен сата алышат.

Бул долбоор, айлана-чөйрөгө зыян алып келүүчү тамак-аш калдыктарын азайтып, экологиялык жагдайды гана чечпестен, тамактануу жайларына кошумча киреше алып келуу жана кардарлар үчүн пайдалуу сунуштарды берүү жолу менен экономикалык жагдайды да чечет.

Байге катары, жеңүүчү команда долбоорун ишке ашыруу үчүн 70 000 сомго ээ болду.

Компания, буга чейин мындай форматтагы иш-чараларды буга чейин бир нече ирет өткөргөн эле, бирок быйыл биринчи жолу онлайн түрүндө өткөрдү. Бардык катышуучулар Zoom жана Youtube платформаларын негизинде байланышта болушту. Катышуу үчүн бардыгы 60 билдирүү келип түшүп, анын ичинен 30у акыркы тандоодон өткөн. Алар эки күндүн ичинде өз долбоорлорун коргошуп, сынактын аягында жеңүүчү аныкталган.

Командалар менен Кыргызстан, Казакстан, Армения, Украина жана Россиядан келген спикер-менторлор иш жүргүзүштү. Алар катышуучуларга, стартаптарды ишке ашыруу, долбоордук иш-аракеттерди туура жүргүзүү сыяктуу көптөгөн кызыктуу темаларда кеңештерин беришти. Андан соң, ар бир командага, эки жума бою финалга чейин коштоо үчүн насаатчы эксперт дайындалды.

Долбоорлорду баалоо үчүн, жана ошондой эле өздөрү жактырган идеяларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн, мамлекеттик структуралардын, банктардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылган.

Beeline, жемиштүү кызматташтык үчүн, жана долбоорду уюштурууда көрсөткөн жардамы үчүн Enactus Кыргызстанга ыраазычылык билдирет.

https://beeline.kg/ru/aidana