Рахмат айтууга жетишиңиз! Beeline, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине колдоо көрсөтүү максатында жылдык акциясын өткөрөт

Beeline «Помним» жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрөт. Акцияга катышып, ардагерлерге ыраазычылык билдирүүнү жана колдоо көрсөтүүнү каалаган Beeline'дын ар бир абоненти Ардагерлер кеңешине каражаттарды которо алат.

Ардагерлерди колдоого багытталган каражаттарды которуунун эки ыкмасы бар:

  1. 951945 номерине «Помним» сөзү менен жөнөтүлгөн SMS аркылуу;

  2. Balance тиркемеси аркылуу (башкы меню, «Помним» кайрымдуулук акциясы» салмасы).
    Эки учурда тең Сиздин балансыңыздан 30 сом алынат.

Жыйналган бардык каражаттар Ардагерлер кеңешине өткөрүп берилет, тизмелерге ылайык таратылат жана иш-аракеттер тууралуу жыйынтык-маалымат түзүлөт.

Акция 9-майга чейин өткөрүлөт.

Биз унутпайбыз! Биз сыймыктанабыз!

https://beeline.kg/ru/aidana