Корпоративдик кардарларга уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча өзгөрүүлөр

Урматтуу корпоративдик кардарлар,

2022-жылдын 22-мартынан тартып, Корпоративдик кардарларга уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча калыптык келишимдин шарттарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилмекчи:
∙ аванстык төлөм ыкмасы колдонулган учурда, корпоративдик топтун Абонентине учурдагы тарифтик планды өзгөртүүгө жол берилет;
∙ кредиттик төлөм ыкмасы колдонулган учурда, Оператор кызмат көрсөтүүнү кайра улантуу максатында кредиттик лимитти көбөйтүүгө укуктуу болот.
Ошондой эле, Оператор кызмат көрсөтүүнү токтото туруу укугун колдонбосо да, Абонент көрсөтүлгөн байланыш кызматтары үчүн төлөөгө милдеттүү.

Корпоративдик кардарларга уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча калыптык келишимдин жаңы редакциясы жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн менеджерге кайрылыңыз же бул шилтеме аркылуу өтүңүз.

https://beeline.kg/ru/aidana