Beeline’дын агартуу тарифтери: баарына көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр!

Коронавирустук пандемияга байланыштуу агартуу системасы өзгөрүп, дүйнө жүзү дистанттык окутууга кеңири масштабда өтүп жатат.

Жаңы окуу жылында Beeline билим берүү үчүн тарифтик линейкасын иштеп чыкты: эми "Билим Онлайн" жана "Мугалим Онлайн" тарифтери менен агартуу процесси дагы да жуткиликтүү болот.

Агартуу тарифтери абоненттердин – окуучулардын жана мугалимдердин – ыңгайлуулугу үчүн түзүлгөн жана алардын талаптарына толугу менен жооп берет. Бул тарифтердин жардамы менен агартуу булактарын колдонуу студенттер, мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн ыңгайлуураак болот.

Окуучулар үчүн түзүлгөн жаңы “Билим онлайн” тарифине, төрт жумага 245 сомго, төмөндөгүлөр кирет: WhatsApp, Zoom, Элмектеп, ЯКласс платформаларына чексиз трафик, жана ошондой эле агартуу булактарын камтыган пакет, тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS, жана башка максаттар үчүн 25 ГБтык пакет.

“Билим онлайн” тарифине кошулуу жолдору: 

• Beeline’дын сатуу жана тейлөө кеңселери (керектүү документтер: ата-энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү же студенттин паспорту жана студенттик билети);

• «Мой BeelineKG» тиркемеси жана www.beeline.kg сайты аркылуу арыз берүү (керектүү тиркелүүчү документтер: ата-энесинин паспорту жана баланын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү, же студенттин паспорту жана студенттик билети)

Мугалимдер үчүн түзүлгөн жаңы “Мугалим онлайн” тарифине, төрт жумага 245 сомго, төмөндөгүлөр кирет: WhatsApp, Zoom, Элмектеп, ЯКласс платформаларына чексиз трафик, жана ошондой эле агартуу булактарын камтыган пакет, тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS, КРнын башка тармактарына 35 мүнөт, жана башка максаттар үчүн 35 ГБтык пакет.

Мугалим онлайн” тарифине Билим берүү министрлигинин, мектептердин жана ЖОЖдордун тизмелери аркылуу кошулуу мүмкүн.

1-11-класстын окуучулары үчүн видео сабактардын көрсөтүүчү телеканалдар BeeTV тиркемесинде жеткиликтүү:

• "Илим Билим" ЭлТР;

• КТРК "Баластан";

• ЭлТР;

• Пирамида;

• 5-канал;

Beeline: Сизге жана жакындарыңызга кам көрүү менен!

https://beeline.kg/ru/aidana