Beeline’дын жаңы тарифтери менен суперкүчтөрдү алыңыз!

Beeline рынокто уникалдуу “Супер” тарифтик линейкасын ишке киргизди, тарифтин негизинде абоненттер өз каалоосу боюнча Суперкүчтөрдү тандай алат.

Beeline’дан суперкүч – бул кошумча төлөмсүз кызмат! Тарифти муктаждыктарыңызга жараша кантип жакшыртууну өзүңүз чечесиз, керек болгон убакта өзүңүздүн тандооңузду өзгөртө аласыз.

Музыка угууну, электрондук китептерди окууну же кино жана сериалдарды көргөндү жактырасызбы? Жашооңузду мессенджерсиз жана социалдык тармактарсыз элестете албай жатасызбы? Сиз такси кызматын көп колдоносузбу? Чет өлкөгө саякаттап жүргөндө байланышта болууну каалайсызбы? "Супер" линейкасынын тарифтери менен бул муктаждыктар оңой эле мүмкүнчүлүккө айланат.

«Супер 540» тарифи 40 ГБ интернет жана башка моб.тармактарга чалууларга 30 мүнөттөн тышкары, тандоо үчүн эки суперкүчтү сунуштайт. Алардын арасында Яндекс Плюска жазылуу, WhatsApp, Telegram жана Instagram үчүн 5 ГБ, башка моб.тармактарга 20 мүнөт, «Үйдөгүдөй роуминг» (Россия, Казакстан жана Өзбекстанда чалууларга 10 мүнөт жана 1 ГБ интернет), ошондой эле эл аралык чалуулар үчүн 20 мүнөт (Beeline Россия жана Beeline Казакстан номерлерине). Абоненттик төлөм 4 жумага 540 сом.

«Супер 640» тарифи – бул 45 ГБ интернет, башка мобилдик тармактарга чалууларга 40 мүнөт жана тандоо үчүн эки суперкүч. Жеткиликтүү суперкүч тизмесин чексиз WhatsApp, Telegram, Facebook жана ВКонтакте топтому, Иви онлайн кинотеатрына жазылуусу толуктайт. Ал эми роуминг Казакстан, Өзбекстан жана Россияны гана эмес, Түркияны да камтыйт. Абоненттик төлөм – 4 жумага 640 сом.

«Супер 740» тарифине 50 ГБ интернет, башка мобилдик тармактарга чалууларга 50 мүнөт жана эки суперкүч кирет. Сиз Яндекс Плюс, чексиз YouTube, Иви онлайн кинотеатрына жазылуу, чексиз WhatsApp, Telegram, Facebook жана ВКонтакте, башка мобилдик тармактарга чалууларга 20 мүнөт, «Үйдөгүдөй роуминг» (чалуулар үчүн 10 мүнөт жана 1 ГБ интернет Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркияда) тандай аласыз.
Ошондой эле Beeline Россия жана Beeline Казакстан номурларына чалуу үчүн 20 мүнөт Абоненттик төлөм – 4 жумага 740 сом.

Mой Beeline тиркемесинде тариф боюнча суперкүчтөрдү тандап жана өзгөртүңүз!

«Супер» линейкасынын тарифтери менен толугураак бул жерден тааныша аласыз.

Beeline: Сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр.
https://beeline.kg/ru/aidana