«Супер Аралаш»: Кыргызстандагы биринчи сериал-коллаборация популярдуулукка ээ болууда

Эки ири брендди бир кызыктуу сюжетке бириктирсеңиз эмне болот? Бул суроого «Шоро» компаниясы, Beeline Кыргызстан жана 1.1STUDIO жамааты кызыгып, биргелешкен чыгармачылык долбоорду ишке ашырышты. Жыйынтыгында өлкөдө теңдеши жок «Супер Аралаш» ко-бренддик веб-сериалы жаралган.
Сериал Бишкектин көчөлөрүндө көп кездешүүчү каармандардын тарыхын ачып берет. Жигит Beeline дын промоутери болуп иштейт, кыз — улуттук суусундуктарды сатуу менен алектенген «Шоро эже», жаштардын көнүмүш күнүмдүк жашоосуна чубалган күтүүсүз окуялар шуулдап кирет.
Бул кызыктуу сюжети жана мыскыл жана тамаша сезими менен сүйүү жана кыялдар жөнүндө кооз окуя. Ар бир серия өзүнө тартып, кызыктырып, актерлордун чын жүрөктөн ойногону сериалды жашоодогудай жана көрүү үчүн жагымдуу кылат. Биринчи эпизоддор буга чейин интернетте пайда болуп, оң жоопторду алышкан.
«Супер Аралаш» сериалын Instagram соцтармагында Beeline (@beeline_kyrgyzstan), «Шоро» (@shorokgz) жана 1.1STUDIO (@1.1studio) компанияларынын баракчаларында көрсө болот. Сериялар шейшемби жана бейшемби күндөрү 20.00 reels форматында жарыяланат жана сентябрь айы бою чыгып турат. Компаниялардын аккаунттарына көз салыңыз, ошондо сиз окуянын уландысын сөзсүз өткөрүп жибербейсиз, ошондой эле сериалдардын негизиндеги мини-сынактарга катышып, байгелерди утуп аласыз.