Жаңы жол кире төлөө системасы Бишкек шаарынын троллейбус жана автобустарында тест режиминде иштеп баштады

2020-жылы жаздан тарта, сыноо мөөнөтү аяктаган соң, жол кире жалгыз гана «Тулпар» картасы аркылуу төлөнө баштайт.

Азыркы учурда «Тулпар» картасын Beeline тейлөө борборлорунда акысыз түрдө алуу мүмкүн. Бекер берилүүчү карталардын саны чектелүү.

Жол киресин «Тулпар» картасы аркылуу кантип төлөө керек:

  1. эсепти Balance.kg тиркемеси же терминалдар аркылуу толуктаңыз,
  2. жол киресин төлөө үчүн картаны айдоочунун жанында орнотулган валидаторго кысыңыз.

«Тулпар» картасын Balance.kg аркылуу толуктоо үчүн:

  1. «Тулпар» картасынын QR-кодун Balance.kg аркылуу сканерлеңиз,
  2. толуктоо суммасын териңиз,
  3. төлөңүз.

Картаны төмөндөгү Beeline сатуу жана тейлөө кеңселеринде акысыз түрдө алуу мүмкүн:

Beta Stores 2, Беш-Сары СБ, Дордой базары, Ортосай базары, Манас аба майданы, Орда ББ (Ибраимов к., 115).

https://beeline.kg/ru/aidana