Сюрприздүү смартфон

Смартфонду бөлүп төлөөгө, алдын ала төлөнгөн байланыш менен кошо сатып алып, сюрприз алыңыз!

Жаңы жыл – өзүңүзгө же жакындарыңызга белек жасоо үчүн эң сонун учур!

Атайын Жаңы жылдык майрамдарга карата, Beeline акциясын баштайт: Өлкө боюнча жайгашкан компаниянын кеңселеринде бөлүп төлөөгө смартфон сатып алсаңыз, байланышка 30%га чейин арзандатуу жана биздин кызматкерлерибизден жагымдуу сюрприз аласыз.

Кеңселердин даректери бул жакта.

Акциянын шарттары:

Акция 5 000 сомдон 35 000 сомго чейинки телефондордун жалпы линейкасына тиешелүү.

Телефон Кыргызстандагы Beeline’дын сатуу кеңселеринде сатып алынганда, «Бирге интернет үчүн» тарифинде болгондо жана абонент байланыш баасын акция боюнча алдын ала төлөгөн шарттарда гана акция жеткиликтүү болот.

Акциянын мөөнөтүнө жараша байланыштын баасы:

Байланыш баасы «Сюрприздүү смартфон» акциясы боюнча төлөнгөн учурда, абонентке акциянын мөөнөтү аяктаганга чейин ар 30 күндө бир жолу жаңылануучу пакеттер берилет:

- 35 ГБ бөлүштүрүүсүз интернет;

- Instagram/WhatsApp/Telegram үчүн интернет пакети – 5 ГБ;

- КРнын башка уюлдук операторлорунун номерлерине жана Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын номерлерине (уюлдук + стационардык номерлер) чалуулар үчүн 20 мүнөт;

- тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS.

Акцияга тиешелүү пакеттер, кошулган «Бирге интернет үчүн» тарифинде жана акциянын мөөнөтү аяктаганга чейин гана берилет жана жаңыланат.

Эгерде абонент акциянын мөөнөтү аяктаганга чейин башка тарифке өтсө, акцияга тиешелүү пакеттер жаңыланбайт. Пакеттердин акыркы жаңылануусунан 30 календардык күн өткөндөн кийин, акцияга тиешелүү пакеттер абонент үчүн жеткиликтүү болбойт.

Эгерде абонент акциянын мөөнтү аяктаганга чейин «Бирге интернет үчүн» тарифине кайтып келсе, анда акцияга тиешелүү пакеттер кайрадан жеткиликтүү болот жана абонент кайтып келген күндөн баштап, акциянын мөөнөтү аяктаганга чейин, ар 30 күндө бир жолу жаңыланып турат.

Акциянын мөөнөтү аяктаганга чейин:

- «Бирге интернет үчүн» тарифине тиешелүү пакеттер берилбейт;

- «Бирге интернет үчүн» тарифи жана бир күндүк пакет боюнча абоненттик төлөм алынбайт;

- кайрадан кошуу буйругу (*2200#) «Бирге интернет үчүн» тарифи үчүн да, акцияга тиешелүү пакеттер үчүн да иштебейт.

Эгерде абонент акцияга тиешелүү пакеттерди, алардын жаңылануу убагына чейин сарптаган болсо:

- пакеттер сарпталган учурда, алар автоматтык түрдө жаңыланбайт – пакеттер, акыркы жаңылануусунан 30 календардык күн өткөндөн кийин гана жаңыланат (абонент башка тарифке өтпөгөн учурда);

- акцияга тиешелүү пакеттен тышкары интернет берилбейт;

- калган акцияга тиешелүү пакеттер боюнча «Бирге интернет үчүн» тарифинин шарттарына ылайык, пакеттерден тышкары стандарттык тарифтештирүү колдонулат;

- кошумча интернет жана мүнөттөр пакеттерин сатып алуу мүмкүн.

Акцияга кошулуу 10.12.2020-жылдан 10.07.2021-жылга чейин мүмкүн. Акцияны кошуу мөөнөтү өзгөргөн учурда, кошумча эскертүү берилет.

Акциянын мөөнөтү аяктаган соң, абонент көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган убакта актуалдуу болгон шарттарда, «Бирге интернет үчүн» тарифинде кала берет.

Акцияны мөөнөтүнөн мурда өчүрүү үчүн, Beeline’дын кеңселерине же сурап-билүү кызматына (*611) кайрылуу мүмкүн. Акция өчүрүлгөн убакта пакеттердин акыркы жаңылануусунан 30 календардык күн өткөндөн кийин, абонент акцияга тиешелүү пакеттер менен пайдалануу укугунан айрылат.

Акцияны кайрадан кошуу мүмкүн эмес. Абонент акцияны сунушталган мөөнөттөрдүн бирин гана тандап кошо алат жана акция менен бир ирет гана пайдалана алат.

https://beeline.kg/ru/aidana