«WhatsApp» кызматында авторизациялоодо убактылуу көйгөйлөр

Урматтуу абонент!

Учурда WhatsApp кызматында авторизациялоодон өтүү учурунда, ырастоо коду менен SMS-билдирүүлөрдү алууда көйгөйлөр жаралууда.
WhatsApp'тын техникалык колдоо кызматы көйгөйдү чечүү үчүн бардык чараларды көрүп жатат.
Көйгөйлөр чечилгенге чейин, эгер Сиз WhatsApp кызматынан ырастоо коду менен SMS-билдирүү ала албасаңыз, бир сааттан кийин экинчи ирет аракет кылууну сунуштайбыз.
Эгер жогорудагы сунуш менен көйгөйдү чече албасаңыз, анда телефонуңузда WhatsApp > Настройки > Помощь > бөлүмүнө өтүп, WhatsApp'тын техникалык колдоо кызматына кайрылып, жардам сураңыз .
Ошондой эле, Сиз кошумча маалымат алуу үчүн WhatsApp'тын сурап-билүү борборуна кире аласыз (https://faq.whatsapp.com).
Сабырдуулугуңуз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

https://beeline.kg/ru/aidana