Beeline Түркия жана Сириядагы жабыркагандарга каражат чогултууга катышты

Мобилдик оператор Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте жер титирөөдөн жабыркагандарга каржылык колдоо көрсөттү Beeline 20 миң доллар бөлүп берди, ал Кыргызстандын Кызыл Жарым Айынын эсебине которулуп, Кызыл Жарым Айдын Түркия жана Сириядагы уюмдарына чукул жардам көрсөтүү үчүн которулду. 
Мындан тышкары, Beeline гуманитардык миссия менен кырсыктын эпицентрине барган кыргызстандык куткаруучулар менен дарыгерлерди бекер байланыштырып турду.
Жер титирөөдөн жабыркагандарга каражат чогултуу уланууда. Акчаны Balance тиркемеси аркылуу бир нече жөнөкөй кадамдарды жасоо менен комиссиясыз которууга болот: 
1.    Тиркеменин башкы бетинде «Кайрымдуулук уюмдары» категориясына кириңиз». 
2.    «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому» баскычын тандаңыз.
3.    Которгуңуз келген сумманы киргизип, «Төлөө» баскычын. 
Компания Түркия жана Сирия элдерине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жоготуулар орду толгус, бирок элдин кайдыгер эместиги бул өлкөлөргө кайгысынан тез арада айыгып, кадимки жашоого кайтууга жардам берет деп ишенгибиз келет. 

https://beeline.kg/ru/aidana