Терс таасирин тийгизбеген коопсуз радиоберүүчү түзмөктөрү жөнүндө

«Скай Мобайл»  ЖЧКсы (мындан ары – Компания) өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамынын алкагында ишке ашырат жана  адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеген коопсуз радиоберүүчү түзмөктөрүн пайдаланып келет. Бул үчүн дайыма аккредитациядан өткөн лабораториялардын катышуусунда базалык станциялардын кабыл алуучу-берүүчү жабдыктары менен пайда болуучу электромагниттик талаалардын деңгээлин текшерүү жүргүзүлүп турат.

Компания «Скай мобайл» ЖЧКсынын абоненттерине кең байланыш кызматтарын сунуштоо үчүн  бардык талаптарды  жана стандарттарды эске алуу менен, заманбап технологияларды пайдаланат. Компаниянын тармагы үчүн колдонулуучу бардык түзмөктөр (радиоберүүчүлөр) радиотолкундардын коопсуз таралуу параметрлерине жооп берет жана алардын Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан колдонулуусу үчүн уруксат берилген. Компания жабдыктарынын иштөөсүнө дайым байкоо жүргүзүлүп, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл өткөрүлүп турат. Ошентип, Компания «Скай мобайл» ЖЧКсынын тармагында колдонулуучу радиоберүүчү түзмөктөр адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбей тургандыгын тастыктайт.

https://beeline.kg/ru/aidana