Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында 4G тармагынын кеңейтилиши жөнүндө маалымдайбыз

Урматтуу абоненттер, биз Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарларында 4G/LTE тармагын жакшыртуу боюнча ишибизди улантуудабыз. Эми бул шаарларда 4G/LTE интернетинин ылдамдыгы жогорулап жаткандыгы жүз миңдеген абоненттерге сезилет.

4G/LTE тармагын кеңейтүү үчүн 3G ресурстары колдонулгандыгына байланыштуу, 03.03.2021-жылдан тарта, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында, ал эми 04.03.2021-жылдан тарта, Ош шаарында 3G технологиясы колдоодон чыгарылат.

4G/LTE – бул төртүнчү муундагы мобилдик байланыш технологиясы. 3G'ге салыштырмалуу, анын ылдамдыгы жогорураак, байланышы туруктуураак жана тармак сыйымдуулугу боюнча кененирээк. Бул технология видеолорду HD сапатында, токтоосуз көрүүгө, көлөмдүү файлдарды тез жүктөөгө жана жөнөтүүгө, жогорку сапаттагы видео-чалууларды аткарууга жана башка көптөгөн нерселерди жасоого мүмкүндүк берет.

Эгер Сиздин SIM-картаңыз же смартфонуңуз 4G/LTE'ни колдобосо, анда аларды жаңыртууну сунуштайбыз.

Beeline'дын кеңселеринде 3G SIM-картасын жаңы 4G сим-картасына акысыз түрдө алмаштыруу мүмкүн. Кеңселердин даректери бул жерде.

https://beeline.kg/ru/aidana