Кээ бир кошумча кызматтардын иштөөсү 2019-жылдын 30-декабрь күнүнөн 2020-жылдын 1-январь күнүнө чейин убактылуу токтотулат

27.12.2019
Жаңы жылдык мезгилде, ишенимдүү жана туруктуу байланыш менен камсыз кылуу, ошондой эле тармак боюнча жүктөмдү кыскартуу максатында, кээ бир кошумча кызматтардын иштөөсү 2019-жылдын 30-декабрь күнүнөн 2020-жылдын 1-январь күнүнө чейин убактылуу токтотула тургандыгын билдиребиз.
Кызматтардын тизмеси:
- Өчүрүлгөн же жеткиликтүү эмес номурларга SMS-билдирүүлөрдү кайра жөнөтүү;
- «Маячок» кызматы боюнча USSD-буйрук жөнөтүү;
- Beeline Bonus кызматынын шарттары боюнча USSD-буйрук аркылуу топтолгон упайларды текшерүү жана алмаштыруу, ай сайын SMS-жөнөтмө алуу, ошондой эле *800 жана *805 кыска номурларына чалуу;
- «Умный ноль» кызматынын иштөөсү;
- Төмөнкү кызматтардын кошуу жана өчүрүү мүмкүнчүлүгү: Где ты?; Привет+; Beeline Music; FunMix Znakomstva; FunMix Pleer; Beeplay Amediateka; Видеопортал; Голосовой чат; Астропортал; Портал знакомств; Караоке; Позвони; Alibi; Funbox; Радиофан; Beeline Football; Уроки русского; Уроки кыргызского; Уроки английского; Смеховызов.
Жакындарыңызды жана туугандарыңызды тоскоолдуксуз куттуктоо үчүн, чалуу байланыш менен SMSти алуу жана жөнөтүү стандарттуу режимде Сиз үчүн иштейт.