Кээ бир кошумча кызматтардын иштөөсү 2020-жылдын 30-декабрь күнүнөн 2021-жылдын 1-январь күнүнө чейин убактылуу токтотулат

Жаңы жылдык мезгилде, ишенимдүү жана туруктуу байланыш менен камсыз кылуу максатында, кээ бир кошумча кызматтардын иштөөсү 2020-жылдын 30-декабрь күнүнөн 2021-жылдын 1-январь күнүнө чейин убактылуу токтотула тургандыгын билдиребиз.

Сизден кечирим сурап, Сизди түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенебиз.

Жакындарыңызды жана туугандарыңызды тоскоолдуксуз куттуктоо үчүн, чалуулар жана SMSтер стандарттуу режимде иштейт.

Кызматтардын тизмеси:

2020-жылдын 30-декабрь күнүнөн 2021-жылдын 1-январь күнүнө чейин, Beeline Бонус кызматынын шарттары боюнча USSD-буйрук аркылуу топтолгон упайларды текшерүү жана алмаштыруу, ошондой эле *800 жана *805 кыска номурларына чалуу жеткиликсиз болот.

2020-жылдын 31-декабрь күнүнөн 2021-жылдын 1-январь күнүнө чейин:

*505#, *604# аркылуу пакеттерди текшерүү жана «Ишенимдүү төлөм» кызматы боюнча *202# USSD-буйруктарын тергенде система буйрукту кайра теришин сурашы мүмкүн;

«Маячок» кызматы боюнча USSD-буйрук жөнөтүү жеткиликсиз болот.

https://beeline.kg/ru/aidana