Кээ бир кошумча кызматтардын иштөөсү 2021-жылдын 31-декабрь күнүнөн 2022-жылдын 1-январь күнүнө чейин убактылуу токтотулат

Жаңы жылдык мезгилде, ишенимдүү жана туруктуу байланыш менен камсыз кылуу максатында, кээ бир кошумча кызматтардын иштөөсү 2021-жылдын 31-декабрь күнүнөн 2022-жылдын 1-январь күнүнө чейин убактылуу токтотула тургандыгын билдиребиз.
Сизден кечирим сурап, Сизди түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенебиз.
Жакындарыңызды жана туугандарыңызды тоскоолдуксуз куттуктоо үчүн, чалуулар жана SMSтер стандарттуу режимде иштейт.

Кызматтардын тизмеси:
2021-жылдын 31-декабрь күнүнөн 2022-жылдын 1-январь күнүнө чейин:
*505#, *500#, *604#, *102# кыска USSD-буйруктар аркылуу пакеттерди текшерүү жана «Ишенимдүү төлөм» кызматы боюнча *202# USSD-буйруктарын тергенде система буйрукту кайра теришин сурашы мүмкүн;
«Маячок» кызматы боюнча USSD-буйрук жөнөтүү жеткиликсиз болот.
Beeline - Сизге жана жакындарыңызга кам көрүү менен.

https://beeline.kg/ru/aidana