Оригиналдуу Apple өнүмдөрүн насыяга тез жана оңой сатып алыңыз

Beeline Кыргызстан жана «Дос-Кредобанк» Apple гаджеттерин сатып алуу боюнча насыялоо сунушун даярдашты. Эми Apple компаниясынын ыйгарым укуктуу сатуучусу болгон Beeline компаниясынын кеңселеринен iPhone жана башка оригиналдуу өнүмдөрдү 30 мүнөттүн ичинде насыяга сатып алсаңыз болот.

•    Asia Mall СБдагы Beeline кеңсесинде «Дос-Кредобанктын» адиси насыя алууга жардам берет.
•    «Бишкек Парк» СБдагы Beeline кеңсесинде кардарлар насыяны Токтогул көч., 171/1 дареги боюнча жакынкы «Дос-Кредобанктын» бөлүмүнөн тариздетсе болот.
•    Ибраимов 115/1 көчөсүндөгү Beeline кеңсесинен өнүмдөрдү сатып алууда насыяны ГУМдагы «Дос-Кредобанктын» филиалынан алса болот.

Мындай мүмкүнчүлүктү «Дос-Кредобанк» банкынын «Ылдам» өнүмүнүн аркасында ишке ашырууга мүмкүн болду. Бул телефондорду сатып алуу үчүн берилген керектөө насыясы болуп эсептелет. Анын негизги артыкчылыктары – каржылоону күрөөсүз берүү жана тез карап чыгуу мүмкүнчүлүгү (документтер берилгенден кийин 30 мүнөт).

Насыя 21 жаштан 75 жашка чейинки адамдарга берилет. Суммасы насыянын суммасынан жылдык пайызы 29,9% менен 3 миң сомдон 200 миң сомго чейин 3 айдан 24 айга чейин болушу мүмкүн. Алгачкы төлөм: 0% – 150 000 сомго чейин; 150 000 сомдон жогору – товардын наркынын 10%.

Насыя алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Эгерде кардардын Соцфондго/пенсиялык фондго чегерүүлөрү болсо Паспорт;
- Паспорт жана кызмат ордун, чегерүүлөрдү жана кармап калууларды көрсөтүү менен акыркы 3 ай үчүн эмгек акысы жөнүндө маалымкат (Соцфонд, киреше салыгы);
- Паспорт жана акыркы 3 ай үчүн жана акыркы ай үчүн квитанция менен патент.

https://beeline.kg/ru/aidana