Apple компаниясынын оригиналдуу өнүмдөрүн алуу үчүн Beeline кеңселерине келиңиздер!

20-октябрдан тарта Бишкектеги Beeline кеңселеринде iPhone 15 жана башка Apple девайстарын сатуу башталды. Бул окуянын өзгөчөлүгү Beeline Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен Apple компаниясынын биринчи ыйгарым укуктуу реселлери болгондугу. Бул – 
•    Beeline – Apple компаниясынын расмий өнөктөшү экендигин;
•    Биздин кеңселеринде iPhone, iPad же башка гаджеттер жана аксессуарлар болобу, дүйнөгө белгилүү бренддин оригиналдуу өнүмдөрүн сатып алууга боло тургандыгын;
•    Кардарлар Apple тарабынан берилген кепилдик боюнча толук тейлөөгө ээ болорун  билдирет.

Мындан тышкары, уникалдуу идентификатор — IMEI/MEID номери аркылуу сатып алынган түзүлүштүн аныктыгын өз алдынча текшерүү ыкмасы бар.

Apple компаниясынын оригиналдуу өнүмдөрүн, анын ичинде iPhone 13, iPhone 14 жана iPhone 15 Asia Mall соода борборундагы (Ч. Айтматов проспектиси, 3, -1-кабат, саат 10:00дөн 22:00гө чейин) жана Асыл-Таш бизнес борборундагы (Ибраимов көчөсү, 115, 9:00дөн 18:00гө чейин) Beeline кеңселеринен сатып алса болот.

iPhone 15 сатып алуучулар атайын акцияга ээ болушат: жаңы жогорку сапаттагы смартфон менен бирге сиз “Алтын+” категориясына чейинки кооз номерди жана 4 жумага төлөнгөн “Супер безлимит” тарифин аласыз.

https://beeline.kg/ru/aidana