Beeline Кыргызстандын түштүгүндө концерттерди берди

Өзүнүн 25 жылдыгынын урматына Beeline Кыргызстан компаниясы Баткенде жана Жалал -Абадда акысыз концерттерди уюштурду. Унутулбай турган музыкалык шоуда кыргыз эстрадасынын жылдыздары Нурлан Насип, Арсен, Милана, Нурила жана Сайкал Садыбакасовалар катышып, концерттин алып баруучусу Айзада Жамгырчиева болду. Көрүүчүлөрдү сүйүктүү аткаруучулардын ырлары гана күтпөстөн, андан башка белектери менен конкурстар, ошондой эле компаниянын баалуу белектерин ойнотуу дагы күтүп жатты.
Баткенде концерт борбордук стадиондо 2 миңден ашуун адамды чогултуу менен 20-сентябрда өттү. Аба-ырайынын бүркөктүгү дагы майрамдык маанайды буза алган жок, көрүүчүлөр артисттерди өтө жылуу тосуп алышты жана иш чара бүткөнгө чейин тарап кетишкен жок.
Жалал-Абадда майрам 22-сентябрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы паркта өттү. 2 миңге жакын келген көрүүчүлөр концерттик программа менен рахаттанышып, конкурстарга катышты. Beeline Кыргызстан компаниясынын башкы директору Андрей Пятахин сөз сүйлөп, шаардыктарга жаркын маанай менен тосуп алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.
Концерттердин фотографиялары компаниянын сайтынын “Медиафайлдар” бөлүгүндө жеткиликтүү.