«Бактылуу күн» акциясынын шарттарынын жаңыртылышы

Урматтуу абонент, 2022-жылдын 20-майынан тарта, Mой Beeline тиркемесиндеги «Бактылуу күн» акциясынын шарттарынын жаңыртылышы пландалып жаткандыгы жөнүндө маалымдайбыз.
• Эми акыркы айдагы чыгымдарыңызга карабастан, Сиз жума сайын чексиз интернет же чалуулар топтомун ала аласыз.
• Ошондой эле, 14.05.2022-жылдан баштап, «Бактылуу күн» акциясы боюнча интернет топтомунан Wi-Fi таратуу мүмкүн болбойт.
Эскерте кетсек, буга чейин «Бактылуу күн» акциясынан пайдалануу үчүн акыркы 30 күндө 20 сом сарптоо зарыл болгон.
«Бактылуу күн» акциясы боюнча топтом алуу эрежелери:
• Бир түзмөктө «Бактылуу күн» акциясы боюнча топтомду 7 күндө 1 ирет алуу мүмкүн;
• Бир номерде топтом 7 күндө бир жолу гана жеткиликтүү.
Бул эрежелер бузулган учурда, Компания номерди тосмолоо укугун өзүнө калтырат.
Топтом бир түзмөктө бир нече SIM-карталарга активдештирилген учурда, Компания тосмолоо үчүн номерди тандоо укугун өзүнө калтырат.