«Роуминг» кызматын көрсөтүү шарттары жөнүндө

Урматтуу абоненттер, чет өлкөгө саякатка чыгып, байланышта кала бериңиз, жана Google Карталар, такси, e-mail, WhatsApp, Telegram, социалдык тармактар сыяктуу бардык ыңгайлуу кызматтардан пайдаланыңыз.

Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн 2023-жылдын 27-декабрынан баштап, Сиздин номериңизде «Роуминг» кызматы төмөнкү шарттарда көрсөтүлөт:

1-зона
Интернет: 200 Мб – 200 сом/сутка, топтомдон тышкары – 2 сом/Мб.
Чалуулар: 10 мүнөт – 200 сом/сутка, топтомдон тышкары – 25 сом/мүн.

1-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Армения, Беларусь, Грузия, Тажикстан, Украина.

2-зона
Интернет: 100 Мб – 200 сом/сутка, топтомдон тышкары – 4 сом/Мб.
Чалуулар: 5 мүнөт – 200 сом/сутка, топтомдон тышкары – 45 сом/мүн.
2-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Австрия, Азербайжан, Бангладеш, Бельгия, Болгария, Босния жана Герцеговина, Улуу Британия, Венгрия, Вьетнам, Германия, Гонконг, Греция, Египет, Израиль, Индия, Индонезия, Ирландия, Испания, Италия, Канада, Катар , Кипр, Кытай, Кувейт, Лесото, Макао, Македония, Малайзия, Мальта, Мексика, Молдова, Мьянма, БАЭ, Оман, Пакистан, Палестина, Польша, Португалия, Сауд Арабиясы, Сербия, АКШ, Тайланд, Франция, Хорватия, Черногория , Чехия, Шри-Ланка, Эстония, ТАР, Түштүк Корея, Япония.

3-зона
Интернет: 40 Мб – 200 сом/сутка, топтомдон тышкары – 10 сом/Мб.
Чалуулар: 50 сом/мүн.
3-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Австралия, Албания, Алжир, Аргентина, Ооганстан, Бразилия, Гана, Гондурас, Дания, Доминикан Республикасы, Иордания, Ирак, Исландия, Конго Демократиялык Республикасы, Кот-д'Ивуар, Лаос, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Мозамбик, Нидерланддар, Никарагуа, Жаңы Зеландия, Норвегия, Панама, Папуа-Жаңы Гвинея, Парагвай, Пуэрто-Рико, Румыния, Сальвадор, Сингапур, Словакия, Словения, Танзания, Тринидад жана Тобаго, Уругвай, Финляндия, Швейцария, Эквадор, Ямайка.

4-зона
Роумингдеги чалуулар 1 мүнөтүнө 300 сомдон тарифтештирилет.
Роумингдеги интернет 1 Мб 2000 сомдон тарифтештирилет.
4-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Бахрейн, Бруней, Гуам, Иран, Камбоджа, Конго, Либерия, Ливан, Маврикий, Мальдивдер, Монако, Монголия, Непал, Нигер, Нигерия, Сейшелдер, Судан, Сьерра-Леоне, Тайвань, Тунис, Уганда, Филиппиндер, Экваториалдык Гвинея, спутниктик тармактар жана деңиз кемелери.

Роумингде SMS
Бардык кирүүчү SMS'тер – акысыз.
Чыгуучу SMS боюнча тарифтештирүү:
• 1- жана 2-зонанын өлкөлөрүндө – 10 сом/SMS (БАЭден тышкары);
• БАЭде жана 3-зонанын өлкөлөрүндө – 25 сом/SMS;
• 4-зонанын өлкөлөрүндө – 50 сом/SMS.

Кызматты башкаруу
Роумингди активдештирүү: *777#
Роумингдеги топтомдун калдыгын текшерүү: *777*1#
«Роумингдин» статусун текшерүү: *777*2#
Өчүрүү: *777#0#.


Топтомдор жөнүндө кененирээк маалымат:
«Интернет» жана «Чалуулар» топтомдору роумингде чалуу же интернетке чыгуу аракети көрүлгөндө берилет. Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү – берилген күндөн тартып 24 саат. Берилген учурдан тартып 24 саат өткөндөн кийин топтомдун колдонулбаган көлөмү күйүп кетет. Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү аяктаганда же топтомдор түгөнгөндө, роумингде чалуу же интернетке чыгуу аракети көрүлгөндө жана баланста талап кылынган сумма болгондо, тиешелүү жаңы топтомдор берилет. Ар бир топтом белгилүү бир роуминг зонасы үчүн гана жарактуу. Чалуу жана интернет топтомдору роумингде гана иштейт.
Чалуу топтому төмөнкүлөрдү камтыйт:
• кабыл алуучу өлкөнүн ичиндеги жана КРнын бардык тармактарына багытталган чыгуучу чалуулар;
• бардык багыттардан келген кирүүчү чалуулар.
Бардык зоналар боюнча эл аралык багыттардагы чыгуучу чалуулар – 1 мүнөтүнө 120 сом, спутниктик тармактарга – 1 мүнөтүнө 1287 сом.
Чалуулардын тарифтештирүүсү – мүнөт сайын. Интернеттин тегеректөө кадамы – 100 Кб.
Роумингдин базалык тарифтештирүүсү бардык башка роуминг кызматтарына жана тарифтик опцияларына салыштырмалуу эң төмөнкү приоритетке ээ. Тарифтер бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
 

https://beeline.kg/ru/aidana