Кээ бир тарифтик пландардын шарттарын жаңылоо жөнүндө

Урматтуу абонент, 2023-жылдын 31-октябрынан баштап, «Супер 490», «Супер 540», «Супер 640» жана «Супер 740» тарифтеринде «Тармактан тышкары чалуулар үчүн 5 мүнөт 10 сомго» топтому жеткиликтүү боло тургандыгы тууралуу маалымдайбыз.
«Тармактан тышкары чалуулар үчүн 5 мүнөт 10 сомго» топтомунун шарттары:
1. топтомдун баасы – 10 сом;
2. топтом КРнын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу аткарылган жана КРнын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу үчүн топтомдор жок болгон учурда 24 саатка берилет;
3. топтом берилген учурдан баштап 24 саат өткөн соң, анын пайдаланылбаган көлөмү күйүп кетет;
4. топтом түгөнгөндөн кийин же жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу байланыш өчүрүлгөндөн кийин, КРнын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу аткарылган учурда, «Тармактан тышкары чалуулар үчүн 5 мүнөт 10 сомго» топтому кайра берилиши мүмкүн;
5. эгер баланс 10 сомдон аз болсо, анда чалуулар тарифтик пландын базалык шарттарына ылайык тарифтештирилет.

Көңүл буруңуз! Тарифтердин калган бардык шарттары өзгөрүүсүз калмакчы.

https://beeline.kg/ru/aidana