Кээ бир тарифтик пландардын шарттары жаңыртылгандыгы жөнүндө маалымат

11.04.2023-ж. тарта - "Бирге для интернета PRO + Иви", "Бирге для интернета 590 + Иви", "Бирге для интернета + Youtube" тарифтик пландарынын шарттарына өзгөрүүлөр киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз.
Эми тарифтерде «10 сомго башка мобилдик тармактарына 5 мүнөт» пакети чалууга жеткиликтүү болот.

«10 сомго башка мобилдик тармактарына 5 мүнөт» пакеттин шарттары:
1. Пакеттин баасы – 10 сом;
2. Пакет Кыргыз Республикасынын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу аткарганда жана төмөнкү чалууну аткаруу үчүн мүнөттөр жок болгон учурда 5 мүнөт 24 саатка берилет;
3. 24 саат өткөн соң пакеттин колдонулбаган көлөмү толугу менен күйүп кетет;
4. Пакет түгөнгөн же иштөө мөөнөтү аяктаган соң, КРнын башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуу аткарган учурда пакет кайрадан берилет, эгерде тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдүн убагы келе элек болсо;
5. Эгерде баланста 10 сомдон төмөн болсо, анда чалуу тарифтик пландын негизги тарификациясы боюнча аткарылат;

Маанилүү маалымат! Тарифтердин башка шарттары өзгөрүлбөстөн калат.

https://beeline.kg/ru/aidana