«Бирге интернет үчүн» тарифинин шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө

Урматтуу абонент, 04.03.2024-жылдан баштап, «Бирге интернет үчүн» тарифинин шарттарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

Абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда:
- мобилдик интернетти колдонуу, чалууларды аткаруу жана SMS жөнөтүү мүмкүн болбойт;
- кирүүчү чалуулар, SMS жана USSD буйруктары, ошондой эле тез жардам номерлерине жана Beeline'дын байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот;
- эки күн бою 30 сомдук бир күндүк топтомду кошуп алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Тарифиңиздин абоненттик төлөмүн өз убагында төлөп, байланышта кала бериңиз. Ошондой эле, тарифке тиешелүү топтомдорду мөөнөтүнөн мурда «Мой Beeline» тиркемеси же *2200# буйругу аркылуу жаңыртуу мүмкүн.

https://beeline.kg/ru/aidana