Корпоративдик кардарлар үчүн айрым кызматтарды көрсөтүү шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2023-жылдын 28-декабрынан баштап, корпоративдик топтордун абоненттери үчүн төмөнкү кызматтардын шарттарына өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы тууралуу маалымдайбыз:
- «Турбо Интернет 4 ГБ»;
- «Турбо Интернет 10 ГБ».

«Турбо Интернет 4 ГБ» топтомунун ордуна 70 сомдук «Турбо Интернет 5 ГБ» кызматы көрсөтүлөт. «Турбо Интернет 10 ГБ» кызматы боюнча сунушталган 10 ГБтык интернет трафигинин баасы 120 сомду түзөт.

Ушул кызматтарды колдонгон абоненттерге өзгөртүүлөр тууралуу толук маалымат SMS билдирүү аркылуу жөнөтүлөт.

https://beeline.kg/ru/aidana