Кээ бир «Включай» тарифи боюнча акциондук пакеттериндеги өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат

Биздин түйүн ичинде абоненттердин мобилдик интернет менен пайдалануусунун көбөйүшүнө байланыштуу, айрым архивдик тарифтердин шарттары Компания тарабынан кайра каралды.

2021 ж. 11 февралдан тарта «Включай звонки 130», «Включай звонки 45» акциондук пакеттеринде күн сайын берилүүчү пакеттердин шарттарына өзгөртүүлөр киргизилет.

«Включай звонки 130» акциондук пакетинде эгерде баланста абоненттик төлөмүнө жетиштүү каражат болбосо жана баланста 20 сомдон көбүрөөк болсо, анда 20 сомго күнүмдүк 500 мүнөт жана 500 SMS түйүн ичинде,250 МБ жана 3 мүнөт башка тармактарга чалуу пакети берилет. Ал эми баланста 20 сомдон азыраак болсо, анда калдык толугу менен алынып пропорционалдуу көлөмдөгү пакети берилет, тармактын тышындагы мүнөттөр пакетинен тышкары (бул пакет мындай учурларда берилбейт). Бул акциондук пакетинде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же кайсы башка интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

«Включай звонки 45» акциондук пакетинде эгерде баланста абоненттик төлөмүнө жетиштүү каражат болбосо жана баланста 10 сомдон көбүрөөк болсо анда күнүмдүк 500 мүнөт жана 500 SMS түйүн ичинде жана 50 МБ пакети жана 1 мүнөт башка тармактарга пакети 10 сомго берилет. Ал эми баланста 10 сомдон азыраак болсо, анда калдык толугу менен алынып пропорционалдуу көлөмдөгү пакети берилет, тармактын тышындагы мүнөттөр пакетинен тышкары (бул пакет мындай учурларда берилбейт). Бул акциондук пакетинде пакеттерден тышкары (тариф боюнча же кайсы башка интернет пакеттерден) интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

https://beeline.kg/ru/aidana