Урматтуу абонент, төмөнкү кызматтардын баасы жана интернет топтомунун көлөмү өзгөрө тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз:
• «TikTok + WhatsApp» – 12.07.2023-жылдан баштап;
• «Instagram + WhatsApp» – 13.07.2023-жылдан баштап.
Көрсөтүлгөн даталардан баштап, ушул кызматтардын абоненттик төлөмдөрү 28 күнгө 100 сомду түзөт.
Ошол эле учурда, TikTok/Instagram жана WhatsApp үчүн интернет трафиги 100 Гб өлчөмүндө берилет.
Өзгөртүүлөр кызматтардын жаңы абоненттик төлөмү алынган учурдан баштап күчүнө кирет.
Калган бардык шарттар өзгөрүүсүз калмакчы.
Ошондой эле, техникалык иштерге байланыштуу, кызматтарды өчүрүү мүмкүн болбой тургандыгы жөнүндө билдиребиз:
• «TikTok + WhatsApp» – 12.07.2023-жылы, саат 01:30дан 06:00гө чейин;
• «Instagram + WhatsApp» – 13.07.2023-жылы саат 01:30дан 06:00гө чейин.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.