Кээ бир тарифтик пландардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат

Тармактан тышкаркы чалуулар мындан дагы да пайдалуу болот!
Урматтуу абонент!

11.03.2022-ж. тарта - «Сүйлө S», «Сүйлө +», «Сүйлө Pro», «Секретный +» тарифтеги башка мобилдик операторлорго чалуу үчүн мүнөттөр иштөө мөөнөтүнөн эрте бүтсө дагы, Сизде тармактан тышкары чалууларды аткарууга пайдалуу мүмкүнчүлүк болот. Себеби тарифте абоненттик төлөмдүн алкагында «10 сомго башка мобилдик тармактарына 5 мүнөт» пакети чалууга жеткиликтүү болот.
«10 сомго башка мобилдик тармактарына 5 мүнөт» пакеттин шарттары:
1. Пакеттин баасы – 10 сом;
2. Тариф боюнча абоненттик төлөм төлөнгөндөн кийин гана пакет жеткиликтүү болот.
3. Пакет Кыргыз Республикасынын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуу аткарганда жана төмөнкү чалууну аткаруу үчүн мүнөттөр жок болгон учурда 5 мүнөт 24 саатка берилет.
4. 24 саат өткөн соң пакеттин колдонулбаган көлөмү толугу менен күйүп кетет;
5. Пакет түгөнгөн же иштөө мөөнөтү аяктаган соң, КРнын башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуу аткарган учурда пакет кайрадан берилет, эгерде тариф боюнча кийинки абоненттик төлөмдүн убагы келе элек болсо.
Маанилүү маалымат! Тарифтердин башка шарттары өзгөрүлбөстөн калат.

https://beeline.kg/ru/aidana