Prepaid сегменти үчүн «Роуминг» кызматын көрсөтүү боюнча шарттардын өзгөрүшү жөнүндө

Урматтуу абонент!

2023-жылдын 25-сентябрынан тарта, prepaid сегменти үчүн «Роуминг» кызматын көрсөтүү шарттарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы тууралуу маалымдайбыз:

1-зона
Интернет: 50 Мбтык топтом суткасына 50 сомго берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 2 сом/Мб болот.

Чалуулар: 5 мүнөттүк чалуулар топтому суткасына 100 сомго берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда чалуулардын тарифтештирүүсү 25 сом/мүн болот.

2-зона
Интернет: 50 Мбтык топтом суткасына 100 сомго берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 4 сом/Мб болот.

Чалуулар: 3 мүнөттүк чалуулар топтому суткасына 100 сомго берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда чалуулардын тарифтештирүүсү 40 сом/мүн болот.

3-зона
Интернет: 20 Мбтык топтом суткасына 100 сомго берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 10 сом/Мб болот.

Чалуулар: чалуулардын тарифтештирүүсү 50 сом/мүн болот.

4-зона
Бардык багыттардагы чалуулардын* тарифтештирүүсү 300 сом/мүн болот.
Интернеттин тарифтештирүүсү 2000 сом/Мб болот.

*спутниктик тармактарга багытталган чалуулардан тышкары. Спутниктик тармактарга багытталган чыгуучу чалуулардын баасы – 1287 сом/мүн.

Роумингде SMS
- 10 сом/SMS – кызмат камтыган 1- жана 2-зонадагы өлкөлөрдө бардык чыгуучу SMS'тер (БАЭ багытынан тышкары);
- 25 сом/SMS – кызмат камтыган 3-зонадагы өлкөлөрдө жана БАЭде бардык чыгуучу SMS'тер;
- 50 сом/SMS – кызмат камтыган 4-зонадагы өлкөлөрдө бардык чыгуучу SMS'тер.

Бардык кирүүчү SMS’тер – акысыз.


Башка маалыматтар:
1. Prepaid сегменти үчүн «Роуминг» кызматы абоненттик төлөмсүз көрсөтүлөт, жана аны кошуу – акысыз.
2. Чалуулардын тарифтештирүүсү – мүнөт сайын. Интернеттин тегеректөө кадамы – 100 Кб.
3. Бардык тарифтер бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
4. «Интернет» жана «Чалуулар» топтомдору тиешелүү роуминг активдүүлүгү (ийгиликтүү аткарылган кирүүчү, чыгуучу чалуулар же интернет-сессия) башталган учурда берилет.
5. Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү алар берилген учурдан тартып 24 саатты түзөт. Топтомдор берилген учурдан тартып 24 саат өткөн соң, алардын пайдаланылбаган калдыгы күйүп кетет.
6. Топтомдор түгөнгөн же алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурда, жаңы топтомдор роуминг активдүүлүгү башталган жана баланста талап кылынган сумма болгон шартта берилет.
7. Ар бир топтом белгилүү роуминг зонасы үчүн гана жарактуу.
8. «Чалуулар» жана «Интернет» топтомдору роумингде гана иштейт.
9. «Чалуулар» топтомунун жана топтомдон тышкары чалуулардын тарифтештирүүсү төмөнкү багыттарды камтыйт: кабыл алуучу өлкөнүн ичинде жана КРнын бардык түйүндөрүнө аткарылган чыгуучу чалуулар; 
бардык багыттардан аткарылган кирүүчү чалуулар.
10. Эл аралык багыттардагы чыгуучу чалуулардын тарифтештирүүсү – 120 сом/мүн (1-, 2-, 3-зоналар үчүн).
11. Спутниктик тармактарга багытталган чыгуучу чалуулардын тарифтештирүүсү  – 1287 сом/мүн.
12. Бул кызмат prepaid сегментинин бардык роуминг кызматтарына карата эң төмөнкү приоритетке ээ.

Роуминг зоналары боюнча өлкөлөрдүн тизмеси:

1-зона: Түркия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Армения, Беларусь, Грузия, Украина.

2-зона: Австрия, Азербайжан, Бангладеш, Бельгия, Болгария, Босния жана Герцеговина, Улуу Британия, Венгрия, Вьетнам, Германия, Гонконг, Греция, Египет, Израиль, Индия, Ирландия, Испания, Италия, Канада, Катар, Кипр, Кытай, Кувейт, Лесото, Македония, Малайзия, Мальта, Макао, Молдова, Мьянма, БАЭ, Оман, Пакистан, Польша, Португалия, Сауд Арабиясы, Сербия, АКШ, Тайланд, Франция, Хорватия, Черногория, Чехия, Шри-Ланка, Эстония, ТАР, Түштүк Корея, Япония.

3-зона: Австралия, Албания, Алжир, Ооганстан, Аргентина, Гана, Дания, Исландия, Иордания, Ирак, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Мозамбик, Нидерланддар, Жаңы Зеландия, Норвегия, Пуэрто-Рико, Румыния, Сингапур, Словакия, Финляндия, Швеция, Швейцария.

4-зона: Бахрейн, Гуам, Камбоджа, Ливан, Макао, Мальдивдер, Непал, Судан, Филиппиндер,  спутниктик тармактар жана деңиз кемелери.

Көңүл буруңуздар!!!
Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр 2023-жылдын 25-сентябрынан баштап, 30 календардык күндүк өткөөл мөөнөтүнүн ичинде этап-этабы менен техникалык жактан ишке киргизилет.
Өткөөл мөөнөтүндө, ар бир зона боюнча техникалык иштер аяктаганга чейин, тарифтерштирүү prepaid сегменти үчүн «Роуминг» кызматын көрсөтүүнүн учурдагы шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Ал шарттар менен https://beeline.kg/ky/roaming.
шилтемеси аркылуу тааныша аласыздар. 
Өткөөл мөөнөтү аяктаган соң, роуминг активдүүлүгү prepaid сегменти үчүн каралган «Роуминг» кызматынын жаңы шарттарына ылайык тарифтештирилет.

https://beeline.kg/ru/aidana