Корпоративдик топтордун абоненттери үчүн «Роуминг» кызматынын шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө

Урматтуу корпоративдик кардарлар,
2023-жылдын 21-июлунан баштап, корпоративдик топтордун абоненттери үчүн роумингдин базалык тарифтештирүүсүнүн шарттарына өзгөртүүлөр киргизилип, тиешелүү тарифтештирүү колдонулган аймактар боюнча өлкөлөрдүн тизмеси жаңыртыла тургандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

1. 1-зона
Роумингдеги интернет: интернет роумингде колдонулган учурда, суткасына 200 сомго 200 Мбтык топтом берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 2 сом/Мб болот.

Роумингдеги чалуулар: кирүүчү же чыгуучу чалуу ийгиликтүү аткарылган учурда, суткасына 200 сомго 10 мүнөттүк чалуулар топтому берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда чалуулардын тарифтештирүүсү 25 сом/мүн болот.

2. 2-зона
Роумингдеги интернет: интернет роумингде колдонулган учурда, суткасына 200 сомго 100 Мбтык топтом берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 4 сом/Мб болот.

Роумингдеги чалуулар: кирүүчү же чыгуучу чалуу ийгиликтүү аткарылган учурда, суткасына 200 сомго 5 мүнөттүк чалуулар топтому берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда чалуулардын тарифтештирүүсү 45 сом/мүн болот.

3. 3-зона
Роумингдеги  интернет: интернет роумингде колдонулган учурда, суткасына 200 сомго 40 Мбтык топтом берилет. Топтом үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, анда интернеттин тарифтештирүүсү 10 сом/Мб болот.

Роумингдеги чалуулар: чалуулардын тарифтештирүүсү 50 сом/мүн болот.

4. 4-зона
Роумингдеги чалуулардын тарифтештирүүсү 300 сом/мүн болот.
Роумингдеги интернеттин тарифтештирүүсү – 2000 сом/Мб.

Бардык зоналар:
Эл аралык багыттардагы чыгуучу чалуулар – 120 сом/мүн., спутник тармактарына – 1287 сом/мүн.
Эл аралык багыттардагы чыгуучу чалуулар жана спутник тармактарына багытталган чалуулар Зоналар боюнча чалуу топтомдоруна кирбейт.

Роумингдеги SMS
Роумингде төмөнкү SMS тарифтештирүүсү колдонулат:
1- жана 2-зоналар үчүн:
- 10 сом/SMS – кызмат камтылган бардык өлкөлөрдө бардык чыгуучу SMS'тер (БАЭден тышкары);
- 25 сом/SMS – БАЭдеги бардык чыгуучу SMS'тер;
3-зона үчүн:
- 25 сом/SMS – кызмат камтылган бардык өлкөлөрдө бардык чыгуучу SMS'тер;
4-зона үчүн:
- 50 сом/SMS – кызмат камтылган бардык өлкөлөрдө бардык чыгуучу SMS'тер;.

Бардык кирүүчү SMS’тер – акысыз.

Топтомдор жөнүндө кененирээк:

«Интернет» жана «Чалуулар» топтомдору тиешелүү роуминг активдүүлүгү (чалуулар же интернет-сессия) башталган учурда берилет. Топтомдордун жарактуулук мөөнөтү алар берилген учурдан тартып 24 саатты түзөт. Топтомдор берилген учурдан тартып 24 саат өткөн соң, алардын пайдаланылбаган калдыгы күйүп кетет. Топтомдор түгөнгөн же алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаган учурда, жаңы топтомдор роуминг активдүүлүгү башталган жана баланста талап кылынган сумма болгон шартта берилет. Ар бир топтом белгилүү роуминг зонасы үчүн гана жарактуу. Чалуу жана интернет топтомдору роумингде гана жарактуу.
Чалуулар топтому төмөнкүлөрдү камтыйт: 
• кабыл алуучу өлкөнүн ичинде жана КРнын бардык түйүндөрүнө багытталган чыгуучу чалуулар;
• бардык багыттардан аткарылган кирүүчү чалуулар. 

1-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина.

2-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Австрия, Азербайжан, Бангладеш, Бельгия, Болгария, Босния жана Герцеговина, Улуу Британия, Венгрия, Вьетнам, Германия, Гонконг, Греция, Египет, Израиль, Индия, Индонезия, Ирландия, Испания, Италия, Канада, Катар, Кипр, Кытай, Кувейт, Лесото, Макао, Македония, Малайзия, Мальта, Мексика, Молдова, Мьянма, БАЭ, Оман, Пакистан, Палестина, Польша, Португалия, Сауд Арабиясы Сербия, АКШ, Тайланд, Франция, Хорватия, Черногория, Чехия, Шри-Ланка, Эстония, ТАР, Түштүк Корея, Япония.

3-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет: Австралия, Албания, Алжир, Аргентина, Ооганстан, Бразилия, Гана, Гондурас, Дания, Доминикан Республикасы, Иордания, Ирак, Исландия, Конго Демократиялык Республикасы, Кот-д’Ивуар, Лаос, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Мозамбик, Нидерланддар, Никарагуа, Жаңы Зеландия, Норвегия, Панама, Папуа-Жаңы Гвинея, Парагвай, Пуэрто-Рико, Румыния, Сальвадор, Сингапур, Словакия, Словения, Танзания, Тринидад жана Тобаго, Уругвай, Финляндия, Швейцария, Швеция, Эквадор, Ямайка.

4-зонага төмөнкү өлкөлөр кирет:
Бахрейн, Бруней, Гуам, Иран, Камбоджа, Конго, Либерия, Ливан, Маврикий, Мальдивдер, Монако, Монголия, Непал, Нигер, Нигерия, Сейшелдер, Судан, Сьерра-Леоне, Тайвань, Тунис, Уганда, Филиппиндер, Экваториалдык Гвинея, спутник тармактары и деңиз кемелери.

Көңүл буруңуздар!!! Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү 50 календардык күндүн ичинде техникалык жактан ишке ашыруу үчүн, роумингдеги бардык абоненттер үчүн өткөөл мөөнөтү киргизилет, жана анда төмөнкү тарифтештирүү колдонулат:
- 1-зона: 1 мүнөт/25 сом, 1 Мб/2 сом;
- 2-зона: 1 мүнөт/45 сом, 1 Мб/4 сом;
- 3-зона: 1 мүнөт/50 сом, 1 Мб/1000 сом;
- 4-зона: 1 мүнөт/300 сом, 1 Мб/2000 сом.

Өткөөл мөөнөтү аяктаган соң, роумингдеги аракеттер корпоративдик топтордун абоненттери үчүн каралган «Роуминг» кызматынын жаңы шарттарына ылайык тарифтештирилет.

Чалуулардын тарифтештирүүсү – мүнөт сайын. Интернеттин тегеректөө кадамы – 100 Кб.
Роумингдин базалык тарифтештирүүсү, бардык башка роуминг кызматтарына жана тарифтик опцияларына салыштырмалуу эң төмөнкү приоритетке ээ.
Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

https://beeline.kg/ru/aidana