Корпоративдик кардарлар үчүн уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө

https://beeline.kg/b2b/ky/be-corporate-client

Урматтуу корпоративдик кардарлар,
2023-жылдын 2-ноябрынан баштап, Корпоративдик кардарлар үчүн уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгы тууралуу маалымдайбыз:
- 2.5-пункт боюнча, оператор корпоративдик топтун абонентине, тиешелүү SMS-билдирүү аркылуу маалымдоо менен, роуминг кызматын кошууга укуктуу;
- 3.3.2-пункт боюнча, абонент байланыш кызматтарынын акыларын төлөгөн учурда алынуучу комиссиялар жана башка кошумча төлөмдөр (анын ичинде SWIFT тутумун пайдалануудагы төлөмдөр) абоненттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.

Эгер корпоративдик кардар/абонент, келишимдин шарттарын өзгөртүү жөнүндө маалымат оператордун веб-сайтына жайгаштырылгандан 30 күн өткөндөн кийин, оператордун кызматтарынан пайдаланууну улантса, анда келишимдеги өзгөртүүлөр кабыл алынды деп эсептелет.

Корпоративдик кардарлар үчүн уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү боюнча Типтүү келишимдин жаңы редакциясы менен кененирээк таанышуу үчүн менеджерге кайрылыңыздар же төмөнкү шилтеме аркылуу өтүңүздөр.

https://beeline.kg/ru/aidana