Бардык үй-бүлө үчүн Жаңы Бирге жаӊы тарифтердин линейкасы

Beeline ар бир үй-бүлө мүчөсү өз керектөөлөрүнө жараша тариф тандай ала тургандай бардык үй-бүлө үчүн Жаңы Бирге жаӊы тарифтердин линейкасын сунуштайт.

Кыргызстанда алгачкы жолу: интернет үчүн Бирге жана интернет үчүн Бирге PRO аталган интернет үчүн жаӊы тарифтердин абоненттери үчун Beeline өзүнө тасмаларды, сериалдарды жана мультфильмдерди камтыган россиялык эӊ популярдуу видеосервис – IVI онлайн кинотеатрына кошулган жазылууну тартуулайт. 

Ал эми көп сүйлөшүүӊү артык көргөн абоненттер үчүн Жаңы Бирге аталган чалуулар үчүн жакшыртылган, пайдалуу тарифтер сунушталат. 

Жаӊы линейканын бардык тарифтик пландарында башка уюлдук операторлорго чалуулардын баасы төмөндөтүлгөн – бардык салыктарды кошкондо мүнөтүнө 3 сом (буга чейинки 4,5 сомго салыштырмалуу).

Мурдагыдай эле, абонент 4 жумага же бир жумага абоненттик төлөмү менен дал өзүнө ылайык келүүчү тарифтик планды тандап алса болот.

Чалуулар үчүн Жаңы Бирге тарифтеринин артыкчылыктары
• Тарифтерге башка тармактарга чалуулар үчүн 2 эсе көп мүнөт кошулган 
• Башка операторлорго чалуу үчүн баа төмөндөтүлгөн – эми бардык салыктарды кошкондо мүнөтүнө 3 сом (буга чейинки 4,5 сомго салыштырмалуу).

Интернет үчүн Бирге +IVI жана Интернет үчүн Бирге PRO+IVI тарифтеринин артыкчылыктары

• Бул IVI онлайн кинотеатрына АКЫСЫЗ жазылуу кошулган Кыргызстандын рыногундагы биринчи тарифтер болуп саналат. IVI’нин эксклюзивдүу контентине жана ошондой эле дүйнөлүк кинотасмаларга, сериалдарга жана мультфильмдерге жеткилик. IVI жазылуусун активдештирүү Мой Beeline тиркемеси аркылуу аткарылат
• Бул бардык үй-бүлө үчүн тарифтер – IVI аккаунтуна бир учурда 5 түзмөккө чейин АКЫСЫЗ кошсо болот, демек, бул үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өз девайсынан өзүнө жаккан нерсени көрө алаарын билдирет. 
• IVI кошулган тарифтерде балдардын аккаунтун ырастоо мүмкүнчүлүгү бар – балаӊыз бир гана коопсуз балдарга арналган контентти көрө алат. 
• Интернет жана социалдык тармактар үчүн чоӊ топтом 

Жаӊы тарифтерди кантип кошсо болот?

Бардык тарифтер жөнүндө кененирээк билүүнү, өзүӊүз үчүн ылайыктуусун тандап, кошууну Мой Beeline тиркемеси аркылуу, *535 номери боюнча, beeline.kg сайтынын Трифтер бөлүмүнөн, жана ошондой эле өлкө боюнча сатуу жана тейлөө кеӊселеринен аткарса болот.
Жана ошондой эле  https://beeline.kg/ru/onboarding сайтынан Сиз өзүӊүзгө SIM-карталарды жеткирип берүүгө буюртма берсеӊиз болот.
Бирге интернет үчүн+IVI жана Бирге интернет үүн PRO+IVI тарифтеринде IVI’ге жазылууну активдештирүү бир гана Мой Beeline тиркемесинен аткарылат

Көӊүл буруӊуздар! Интернет үчүн Бирге +IVI тарфине кошулуу акция болуп саналат жана 31.03.2021-ж. чейин уланат!

https://beeline.kg/ru/aidana