"Түнкү чексиздик" кызматын ишке киргизүү
Урматтуу абоненттер!
12.04.2021-жылдан тарта, "Түнкү чексиздик" кызматы иштей баштайт. Бул кызмат түнкү саат 01:00:00дөн 06:59:59га чейин, интернетти ылдамдык жана трафиктин көлөмү боюнча чектөөсүз түрдө колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет:
• Фильмдерди, сериалдарды, спорттук берүүлөрдү ж.б. көрүңүздөр;
• Оюндарды ойноңуздар;
• Файлдарды чоң көлөмдө жүктөп алыңыздар.
Кызмат канча турат?
«Түнкү чексиздик» 7 күнгө: 15 сом/жумага
«Түнкү чексиздик» 28 күнгө: 50 сом/4 жумага
Кызматка кантип кошулуу мүмкүн?
Кызматка кошулуунун бир нече жолу бар:
1) Компаниянын расмий сайтында;
2) Мой Beeline тиркемесиндеги «Кызматтар» өтмөгүндө «Интернет» бөлүмү аркылуу;
3) Төмөнкү USSD-буйруктары аркылуу:
• 7 күнгө: *0070*7#
• 28 күнгө: *0070*28#
Кызмат тууралуу кененирээк маалымат бул жерден билүүгө болот
Сиздерге кам көрүү менен, Beeline.