Роумингде интернет топтомдору

Урматтуу абонент, биз саякатчылар үчүн сонун өнүм иштеп чыктык!
Чет өлкөгө болгон саякаттын ыңгайлуу болушу үчүн жалгыз гана байланыш эмес, чет өлкөдө өзгөчө актуалдуу болгон бардык кызматтардын жеткиликтүү болушу керек.
Мисалы, Google Карталардын жардамы менен мейманканага, соода борборуна, аэропортко же эс алуу жайларына жетүү жолдорун билүү, такси чакыруу, жана башка нерселерди аткаруу мүмкүн, жана мобилдүүлүк үчүн интернет, тагыраак айтканда, көп интернет керек.
Роумингде 1, 3 же 7 ГБтык интернет топтомдорунан пайдаланып, ырахаттануу менен саякаттаңыз!
Эгер кыска сапар жүрө турган болсоңуз, *718*1# буйругу аркылуу 3 күндүк «Роумингде 1 ГБ» топтомун 999 сомго, же *718*3# буйругу аркылуу 7 күндүк «Роумингде 3 ГБ» топтомун 1999 сомго кошуп алыңыз.
Узагыраак сапарлар үчүн *718*7# буйругу аркылуу 2 апталык «Роумингде 7 ГБ» топтомун 2999 сомго активдештириңиз.
Роумингдеги интернет топтомдору дүйнөнүн 60 өлкөсүндө жарактуу:
Австралия, Австрия, Азербайжан, Албания, Армения, Бангладеш, Беларусь, Бельгия, Болгария, Босния жана Герцеговина, Улуу Британия, Венгрия, Вьетнам, Германия, Греция, Грузия, Египет, Израиль, Индия, Ирак, Исландия, Испания, Италия, Казакстан, Канада, Кипр, Кытай, Латвия, Литва, Люксембург, Македония, Мальта, БАЭ, Оман, Пакистан, Польша, Португалия, Пуэрто-Рико, Молдова Республикасы, Россия, Румыния , Сербия, Сингапур, Словакия, Словения, АКШ, Тажикстан, Тайланд, Түркия, Өзбекстан, Украина, Франция, Хорватия, Черногория, Чехия, Швейцария, Эстония, ТАР, Түштүк Корея, Япония.
Кененирээк маалымат шилтеме аркылуу.