Учурда «Тулпар» карталары Beeline кеңселеринде сатылууда

2020-жылы жаздан тарта, тестирлөө мөөнөтү аяктаган соң, жол кире жалгыз гана ушул карталар аркылуу төлөнөт.
«Тулпар» картасынын баасы: 50 сом.
Карталарды Beeline'дын төмөндөгү сатуу жана тейлөө кеңселеринде сатып алуу мүмкүн:

1. «ЦУМ» СБ,
2. «ГУМ» СБ,
3. «Beta Stores 2» СБ,
4. «ORDA» ББ («Дордой Plaza» СБнун жанында),
5. «Vefa» СБ,
6. «Азия Молл» СБ,
7. «Бишкек Парк» СБ,
8. «Дордой» базары.

Жол кирени «Тулпар» картасы аркылуу кантип төлөө керек?
1.  Эсепти Balance.kg тиркемеси же Beeline кеңселеринде жайгашкан терминалдар аркылуу толуктаңыз.
2.  Жол кирени төлөө үчүн картаны айдоочунун жанында орнотулган валидаторго такаңыз.

«Тулпар» картасын Balance.kg тиркемеси аркылуу толуктоо үчүн:
1. «Тулпар» картасынын арткы бетинде басылган QR-кодду Balance.kg аркылуу сканерлеңиз,
2.  толуктоо суммасын киргизиңиз,
3.  төлөңүз.

https://beeline.kg/ru/aidana