IT адисиби же мугалимби: жаш кыргызстандыктарды кайсы кесиптер кызыктырат

Beeline Кыргызстан жана Enactus Кыргызстан коомдук бирикмеси жаштар арасында кесип тандоо темасында социалдык сурамжылоо жүргүзүштү. Ага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 3 миңге жакын студенттер жана мектеп окуучулары катышты.

Сурамжылоо көрсөткөндөй, ар бир он респонденттин жетиси келечектеги кесибин тандап алышкан. Кыргызстандын жаштарынын арасында маалымат технологиялары, педагогика жана медицина багыттары эң популярдуу. Андан кийин талаптуу болуп дизайнер, экономист/финансист, лингвист, ишкер, юрист, психолог, архитектор, укук коргоо кызматкери сыяктуу кесиптер саналат.

Кесип тандоого таасир эткен факторлор тууралуу суроого респонденттердин дээрлик жарымы сырттан жардам жана түрткү болбостон, өз алдынча чечим кабыл алганын айтышкан. Ар бир төртүнчү респондент өз тандоосун ата-энесинин таасири астында жасаганын билдирген. Кесиптердин жана окуу жайлардын өкүлдөрү менен жолугушуулар, мектептеги мугалимдер, достор, ошондой эле жарнамалар жана ЖМК мында бир аз гана роль ойногон.

Сурамжылоого катышкандардын 40%дан ашыгы кесипти өз кызыкчылыктарына жана хоббилерине карап тандашкан. Ар бир бешинчи адам кесипти өз жөндөмдүүлүктөрүнүн негизинде тандашкан. Ар бир жетинчи адам бул кесиптин чет өлкөлөрдө популярдуулугун эске алса, айрымдары гана ички эмгек рыногунда анын актуалдуулугун эске алышкан.

Респонденттердин дээрлик жарымы Кыргызстандын университеттерин тандашат. Респонденттердин олуттуу бөлүгү (29%) чет өлкөлүк университеттерде билим алууну каалашат. Жаштардын 4%га жакыны жогорку билимге кызыкпайт.

Респонденттердин көпчүлүк бөлүгү келечекте өз бизнесин ачууну үмүттөнүшөт, ар бир үчүнчүсү фрилансердикти жактырат жана респонденттердин 8%га жакыны гана жалданма жумушту тандашкан. Ал эми артыкчылыктуу жумуш орду боюнча билим берүү мекемелери, уюлдук операторлор, IT-компаниялар, курулуш компаниялары жана бейөкмөт уюмдар эң популярдуу болуп чыкты. Мында биринчи орунга ынгайлуу эмгек шарттары, жогорку эмгек акы коюлат.

Жаштардын басымдуу көпчүлүгү (70%дан ашыгы) өз чечимине ишенет жана тандап алган адистиги боюнча иштейм деп эсептешет. Сурамжылоого катышкандардын көбү кесип тандоодо жеке кызыкчылыктарга жана жөндөмгө негизделүү керек деп ишенишет.

Beeline Кыргызстан билим берүү долбоорлоруна жана өсүп келе жаткан муундарды окутууга өзгөчө көңүл буруп, өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн эң мыкты иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып берет.

https://beeline.kg/ru/aidana