Бир катар тарифтик пландарда интернетти таратуу шарттарынын өзгөрүшү жөнүндө маалымдайбыз

06.08.2021-жылдан баштап, төмөнкү тарифтерде интернетти таратуу шарттарына өзгөртүүлөр киргизилет:
1. Жаны Бирге для звонков,
2. Жаны Бирге для звонков неделя,
3. Беш сомдук

«Жаны Бирге для звонков», «Жаны Бирге для звонков неделя» тарифтердеги абоненттер өз телефондорун интернет түйүнү катары колдонууну уланта алышат, жана мурдагыдай эле, кошумча кызматтарды кошуусуз жана акы төлөбөстөн, каалаган жеткиликтүү топтомдон мобилдик интернетти акысыз тарата алышат.

Таратуу үчүн интернет-трафиктин жеткиликтүү көлөмү (бардык жеткиликтүү интернет топтомдорунан, тарифтик план боюнча топтомдордун мөөнөтүнүн ичинде):

Жеткиликтүү трафикти акысыз түрдө таратуунун чеги:

«Жаны Бирге для звонков» - 1,5
ГБ «Жаны Бирге для звонков неделя» - 600 МБ

Эгер баланста 10Мбка төлөө үчүн каражат бар болсо, анда «Беш сомдук» тарифте күнүнө 10Мб көлөмүндө акысыз түрдө интернет таратуу мүмкүн.

«Жаны Бирге для звонков» жана «Жаны Бирге для звонков неделя» тарифтик пландардагы абоненттер үчүн «Интернетти тарат» кызматы жеткиликтүү. Бул кызмат абоненттик төлөмдү төлөп, интернетти чектөөсүз таратууга мүмкүнчүлүк берет.

https://beeline.kg/ru/aidana