Beeline-дын IT-курстарынын бүтүрүүчүлөрү санариптик дүйнөнү багындырууга даяр

Эки жылдан бери Beeline Кыргызстан санариптик адистиктерди өздөштүрүүнү каалаган кыргызстандык жаш жарандар үчүн социалдык жана билим берүү долбоорун ишке ашырып келет. Өткөн жылы Beeline Билим берүү демилгелери фонду менен биргеликте беш популярдуу багыт боюнча акысыз IT-курстарынын экинчи агымын ишке киргизди.
Бир нече ай бою Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 75 катышуучу долбоорду башкаруу, системаны башкаруу, Data Science (маалыматтар жөнүндө илим), SQL (маалыматтарды талдоо) жана маалыматтык коопсуздук боюнча билим алышты. Тажрыйбалуу менторлор – өз кесиби менен иштеген адистер аларга IT-кесиптерди кеӊири түшүнүүгө жардам беришти. Мына эми долбоордун экинчи этабы расмий түрдө аяктады.
Май айынын аягында Data Science багыты боюнча окуу аяктады, ал алты айга созулуп, он таланттуу бүтүрүүчүнү даярдады. Калыптанган салт боюнча долбоордун катышуучулары жана компаниянын өкүлдөрү №9-китепкананын базасында Beeline коворкинг-борборунда бүтүрүү кечесинде чогулушту. Эң активдүү катышуучуларга компаниядан белектер берилип, Data Science багытынын жеӊүүчүсү, Таластын тургуну, 19 жаштагы Бурмачач Нурадилова Beeline компаниясынын атынан баш байгеге 5G колдоосу менен смартфон алды.
Мындан тышкары, мыкты катышуучулар ири компанияларга стажировкага чакырылат. Долбоордун экинчи агымынын 10 бүтүрүүчүсү бул мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Азыр алар Dos Cloud, Mancho Devs, CRM Technologies, Discovery, «Оптима», БАУ жана Beeline Кыргызстан сыяктуу уюмдарда стажировкадан өтүшөт.